Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү зарылчылыгы боюнча принципиалдуу позициясын билдириши керек, деп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Астанада өтүп жаткан ТМУнун саммитинде билдиргенин gazeta.uz жазды.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги онунчу жыйыны Астана шаарындагы “Акорда” президенттик сарайында башталды. Ага уюмга мүчө – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.
Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.
“Палестина эли көз карандысыз мамлекет түзүүгө укуктуу. Уюмубуздун алкагында биз бул маселе боюнча бир добуштан принципиалдуу позициябызды бүткүл дүйнөгө билдиришибиз керек”, – деди Мирзиёев саммитте сүйлөп жатып. Быйыл ТМУга Өзбекстан төрагалык кылууда.
Анын айтымында, палестина-израиль жаңжалынын өтө кооптуу мүнөзү карапайым калктын, өзгөчө кары-картаңдардын, аялдардын жана балдардын арасында курмандыктардын жана жаракат алгандардын санынын кескин өсүшүнө алып келди жана жаңжалдын кеңири жайылуу коркунучу күч алууда.
«Буга байланыштуу биз тараптарды тез арада согуштук аракеттерди жана ок атууну тез арада токтотууга жана гуманитардык максатта жарашууга өтүүгө чакырабыз», – деп белгиледи Өзбекстандын президенти.
Мирзиёев кошумчалагандай, бул маселенин бирден-бир адилеттүү чечими Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларында белгиленген эки эл үчүн эки мамлекет принцибинин негизинде кабыл алынышы керек.
Эске салсак, Өзбекстан 28-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын палестиналык-израилдик жаңжал болуп жаткан аймакта ок атууну тезинен токтотууга чакырган резолюциясын колдогон. Документти 120 мамлекет колдогон. Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жаңжалдашкан тараптарды куралдуу тирешүүнү токтотуп, кризисти саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө бир нече жолу чакырган.
ТМУ саммитинин алдында Өзбекстандын президенти Газа тилкесиндеги палестиналык качкындарга жардам берүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш агенттигине (UNRWA) 1,5 миллион доллар бөлүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
“Биз Палестина элине бекем тилектештигибизди билдиребиз жана алардын өз алдынча мамлекет түзүү укугун колдойбуз», – деген Шавкат Мирзиёев.



















