Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Хожаев жетектеген өкмөттүк делегация 29-30-октябрда Кабулга барып, ооган бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Бул тууралуу Ооганстандын Өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сапардын максаты эки тараптуу сооданы өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы транзиттик маселелерди чечүү, ошондой эле Кабулда соода көргөзмөсүн ачуу болду.
Тараптар темир жол, транспорт, тоо-кен, суу ресурстарын башкаруу жана ооган жаштарынын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында кызматташууну талкуулашты.
Ооганстандын вице-премьер-министри Абдул Гани Барадар ооган жүктөрүн Өзбекстан аркылуу өткөрүүдө төлөмдөр жогору болуп жатканын айтып, аны төмөндөтүүнү суранды. Ал Ооганстан менен атайын жеңилдетилген соода тарифтерин киргизүү маселесин карап чыгууга чакырды.
Жамшид Хожаев эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү жылына болжол менен 3 миллиард долларга жеткирүү боюнча иштелип чыккан соода жол картасын тааныштырды.
Маалыматта Өзбекстан ооган ишкерлери жана айдоочулары үчүн виза алуу жол-жобосун да жеңилдеткени белгиленген.
Сапардын алкагында тараптар 1,2 миллиард долларга жакын экспорттук-импорттук келишимдерге кол коюшту.


















