Кечээ, 28-октябрда Стамбулдагы “Ататүрк” аэропортунда Палестина элине колдоо көрсөтүү митинги өткөрүлдү.
Акциянын катышуучулары Түркия менен Палестинанын желектерин көтөрүп, Израилге каршы ураандарды чакырышты.
Масштабдуу митинг өткөн жерге тик учак менен келген өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоганды жубайы Эмине Эрдоган коштоп келди.
Түрк лидери эл алдында сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу бир катар билдирүүлөрдү жасады.
Ал өз сөзүндө Израилдин Газа тилкесине жасап жаткан соккуларын кескин айыптады.
Эрдоган Израиль 22 күндөн бери Газада “аскердик кылмыш” жасап жатканын айтып, аны “баскынчы” деп атады. Ошондой эле ал Израилди аскердик кылмышкер мамлекети катары таанууга убада берди.
“Биз Израилди аскердик кылмышкер деп жарыялайбыз. Биз буга даярданып жатабыз”, – деген Эрдогандын сөзүн РИА Новости келтирди.
Мындан тышкары, Эрдоган Газадагы кан төгүүгө Батышты жоопкер деди.
«Эй, Батыш, мен селерге кайрылып жатам, силер жарым ай менен кресттин ортосундагы согушту кайрадан тутандыргыңар келип жатабы?» деген суроо менен Батыш өлкөлөрүнө кайрылды.
Ал Батышта Украинадагы жаңжалдын курмандыктары үчүн «крокодилдин көз жашын» төккөндөр азыр Газа тилкесиндеги миңдеген бейкүнөө балдардын өлүмүнө унчукпай карап турганын белгиледи.
Буга чейин Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аткылоосунан Газада каза болгон балдардын саны 2,9 миңден ашканын билдирген.
Эрдоган Палестинаны колдоо митингине бир жарым миллиондой адам келгенин айтып, аларга ыраазычылык билдирди.
Акцияга ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, бир катар түрк партияларынын лидерлери, Палестинанын Түркиядагы элчиси жана БАЭ парламентинин спикери Сакр Гобаш катышты.
Эске салсак, буга чейин Анкара масштабдуу митингге катышуу үчүн Египет, Сауд Арабия, Ливия жана Иорданиянын лидерлерине чакыруу жибергени маалымдалган.
Сүрөт, видео: Minval.az

















