Газа тилкесиндеги кыргынды токтотууну талап кылган нааразычылык акциялары мусулман өлкөлөрүндө да, Европада жана АКШда өтүп жатат. Газадагы 800дөй кишинин өмүрүн алган ооруканага жасалган ракеталык чабуул дүйнөгнүн булуң-бурчунда нааразылык толкунун жаратты.
17-октябрда Газа тилкесиндеги «Аль Ахли» ооруканасына ракета тийип, 600дөй киши мүрт кетип, 900дөй киши жарадар болгон. Палестина чабуул үчүн Израилди айыптаса, Израил күнөөнү «Ислам жихады» тобуна оодарган. Бирок аталган топ айыптоолорду четке какты.
Палестинага тилектештик билдирген демонстрациялар Иран, Ирак, Түркия, Тунис, Сирия, Ливан, Йемен, Иордания жана башка мусулман өлкөлөрүнүн шаарларында бир нече күндөн бери уланууда.
Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар Берлин, Франкфурт-на-Майне, Мадрид жана Барселона, Лондон жана Париж көчөлөрүндө жүрүш жасашты. Бир катар шаарларда нааразылык акциялары полиция менен кагылышуулар менен аяктады.
Гаагадагы палестиналыктарды колдогон демонстрация көзөмөлдөн чыгып, полиция анын катышуучуларын күч менен таратууга аргасыз болду. Германиянын борборунда палестиналыктарды колдогон нааразылык акциялары эки түн катары менен уланып, митингдерди таратуу учурунда демонстранттар укук коргоо органдары менен кагылышты.
Палестинанын желектерин кармаган демонстранттар Вашингтондогу Капитолийдин алдына да чогулушту. Жүздөгөн активисттер Конгресстин имаратынын ичине чейин киприп барышты. Капитолий полициясы имаратка кирип келгендерди кармап, демонстранттарды көчөгө сүрүп чыгарды.
Акцияны уюштурган «Jewish voice for peace» (Тынчтык үчүн еврей үнү) уюму демонстрацияга 10 миңдей киши катышканын, алардын 500ү камакка алынганын билдирди.
Түркия
Стамбул: Израилдин консулдугунун имаратынын жанындагы аянтка бир нече миң демонстранттар чогулушту.

Израилдин Улуттук коопсуздук кеңеши израилдиктерге кол салуу коркунучунун жогору экенине айтып, өлкө жарандарын Түркиядан тез арада чыгып кетүүгө чакырды.

Акциянын катышуучулары Израилдин консулдугун фейерверк менен аткылашты, айрым демонстранттар дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына кирүүгө аракет кылышкан.

Иран
Ирандын борбор шаары Тегерандагы “Ыңкылап” аянтына бир нече миңдей демонстранттар чогулушту.


Тегеран: Палестиналык аялдардын, балдардын жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин өлтүрүлүшүн айыптап акцияга чогулган медицина кызматкерлери

Ливан
Бейруттун борборуна палестиналыктарды колдоо митингине бир нече миң адам чогулду. Алар АКШнын элчилигинин алдына чогулушту.

Демонстранттар АКШнын элчилигине кирүүгө аракет кылышты. Алар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду. Митингчилер дипөкүлчүлүктүн периметринен тышкары жайгашкан элчиликтин имараттарынын бирин өрттөп жиберишти.

Иордания
Иорданияда тургундар король Абдулла I мечитине келишти.

АКШ
Вашингтондо Палестинага тилектештик билдирген жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратынын ичине чейин кирип барышты.

Улуу Британия
Бийликтин коркутууларына карабай Лондондо миңдеген адамдар Палестинаны колдоо митингине чыгышты.
Италия
Римде Палестинаны колдогон демонстранттар полиция менен кагылышты.
Германия
Палестинаны колдогон нааразылык акциялары Берлин, Франкфурт-на-Майне, Дюссельдорф жана Кельн шаарларында өттү.
























