УКМК Камчыбек Асанбектин (КАмчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча маалымат берди.
Анда К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында, 1969-жылы туулган П.О.В. аттуу жаран кармалгандыгы билдирилген.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө П.О.В. аттуу жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө, ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылып алынган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен П.О.В. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, П.О.В.дун фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.
Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.




















