Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Алтын-Мазар деп аталган жери Тажикстанга берилип кеткендигин айтып, жалган маалымат тараткан адам аныкталып, кармалды. Ал Жалал-Абалд облусунун Ноокен районунда жашаган аял болуп чыкты. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.
КРнын УКМКнын билдирүүсүннө ылайык, Тажикстанга эч кандай жер берилген эмес, тынчсызданууга негиз жок. Буга чейин УКМК жалган маалымат таратпоого жана ага ишенбөөгө, тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий маалыматына гана таянууга чакырган.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары Баткенде эки өлкөнүн чек араларын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. УКМК төрагасы К. Ташиев чек ара маселесин биротоло чече турган №44 протоколго кол койгон. Бул маалыматтан кийин социалдык тармактарда Тажикстанга ЧоңАлай районундагы Алтын-Мазар аймагы Тажикстанга өтүп кетти деген жалган маалымат тарап кеткен.


















