Кечээ, 19-сентябрда Ереванда жүздөгөн адамдар Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аскерий операциясынын башталышынан улам нааразылык акциясына чыгышты. Армениянын өкмөт үйүнүн жанына чогулгандар Тоолуу Карабактагы кырдаалга премьер-министр Никол Пашиняндын саясаты алып келди деп аны айыпташууда.
Алар өкмөт үйүнө бастырып кирүүгө жана полициянын курчоосун жарып өтүүгө аракет кылышкан. Укук коргоо кызматкерлери аларга каршы жарык-үн чыгарган гранаталарды колдонушкан.
Азербайжандын Карабактагы “антитеррордук операциясы”
19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында «антитеррордук операция» баштаганын жарыялаган.
Азербайжандын коргоо министрлиги жогорку тактыктагы куралдарды колдонуу менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн турумдарына сокку урулуп жактанын, жарандык калкка жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалбаганын билдирген.
Өз кезегинде Армениянын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин маалымдаган.
Азербайжандын операциясы башталгандан кийин Степанакертте жана чөлкөмдүн башка шаарларында жарылуулар болгондугу кабарланган.
Ереван Азербайжандын аракеттерин “масштабдуу агрессия” деп атап, БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана Россиянын бейпилдик күчтөрүн Азербайжандын агрессиясын токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Москва Армения менен Азербайжанды согуштук аракеттерди токтотуп, жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга кайтууга чакырды.
Арменияда эмне болуп жатат?
Ереванда демонстранттар, анын ичинде таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын желектерин көтөргөн адамдар Республиканын борбордук аянтындагы Армения өкмөтүнүн имаратынын, Россиянын элчилигинин жана БУУнун кеңсесинин жанына нааразычылык акциясына чогулушту.
Алар бийликтен Карабактагы аскердик аракеттерге токтоосуз чара көрүүнү талап кылышууда. Талаптардын арасында Карабахтын көз карандысыздыгын таануу да бар. Митингчилер өкмөт үйүнүн жанындагы жолдорду тосушуп, “Никол – саткын” деп кыйкырып, анын отставкасын талап кылышты.
Нааразылык акциясынын жүрүшүндө демонстранттар Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн тосуп, Армениянын өкмөттүк имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Полиция үн чыгаруучу гранаталарды колдонду.
Акцияда 16 адам кармалганын Sputnik Армения Армения полициясынын басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.
«11 адам Армения өкмөтүнүн имаратынын жанында, дагы бешөө Россиянын Еревандагы элчилигинин жанынан кармалды», – деп билдиришкен армян полициясынан.
Эвакуация жана жоготуулар
РФ Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Россиянын бейпилдик күчтөрү Тоолуу Карабактын кооптуу аймактарынан эки миңден ашуун адамды эвакуациялады, алардын жарымына жакыны балдар экенин маалымдады.

“Жалпысынан эки миңден ашык жай тургун эвакуацияланды, анын 1149у балдар. Бардык эвакуацияланган тургундар убактылуу жатакана жана ысык тамак менен камсыз болушту”, — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Ал арада Армениянын мамлекеттик агенттиги “Арменпресс” Тоолуу Карабакты аткылоодон 32 адам өлүп, 200дөн ашууну жарадар болгонун маалымдады.
“Тоолуу Карабактагы аткылоолордун натыйжасында ушул тапта 32 адам набыт болуп, 200дөн ашууну жарадар болду. Жетөө (анын ичинде эки бала) жана 35 жарадар (анын ичинде 13 бала) карапайым тургундар”, — деп билдирет мамлекеттик агенттик таанылбаган Карабактын “Акыйкатчысына” шилтеме берип.



















