20-августтан тарта Бишкек шаарынын муниципалдык автобустарында жана троллейбустарында накталай эмес төлөмдөр гана иштеп жатат.
Азыркы тапта көптөгөн жарандар Тулпар картасын сатып алууда кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы Тулпар картасын оңой жана тез сатып алуу үчүн соода түйүндөрүнүн даректери камтылган атайын карта даярдады.
Карта «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
Картаны колдонуу үчүн:
- «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин ачуу;
- «Транспорт» кошумча барагына өтүү;
- Жогорку оң бурчтагы «Тулпар» белгисин басуу керек.
«Менин шаарым» мобилдик тиркемесин Android түзмөгүнүн ээлери Play Market аркылуу жүктөп алышы керек, ал эми iPhone колдонуучулары «App Store» дүкөнүнөн жүктөй алат.
Ал эми тиркемени мурунтан эле колдонуп жүргөндөр анын эң акыркы версиясына жаңыртып алышы керек.
Тулпар катрасынан тышкары төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:
- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.



















