Афганистандын Улуттук өнүктүрүү корпорациясынын маалыматына караганда, Кош-Тепа каналынын курулушу 99 пайызга аяктады жана жакынкы убакта Амударыянын суусу каналга бурула баштайт. Бул билдирүү Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев өткөн аптада Кош-Тепа каналы 2030-жылга чейин Амударыядан суу албай турганын айткандан кийин жасалды.
Афганистандын Улуттук өнүктүрүү корпорациясы 25-ноябрда жарыялаган видеоматериалда Кош-Тепа каналынын курулушу акыркы баскычка жеткени жана «жакынкы убакта» Амударыядан суу алуу башталары айтылган.
«Кош-Тепа ири улуттук каналынын курулуш иштери аяктоо баскычына чыкты. Жакынкы убакта башкы суу алуучу курулма аркылуу Амударыянын суусун каналга буруу пландалууда», — деп айтылат билдирүүдө.
«Сафир» телеканалынын маалыматына караганда, Афганистандын Улуттук өнүктүрүү корпорациясы Кош-Тепа каналынын экинчи этабындагы иштер 99 пайызга аткарылганын билдирди. Корпорациянын басма сөз катчысы Набиуллох Аргандивол суу алуучу курулманын курулушу аяктагандан кийин Амударыянын суусу жакынкы убакта каналга багытталарын маалымдады.

Буга чейин каналдын экинчи этабындагы жер казуу иштери аяктоо алдында турганы, ошондой эле каналдын боюнда көпүрөлөр жана суунун агымын жөнгө салуучу курулмалар курулуп жатканы кабарланган. Бул иштер аяктагандан кийин Амударыянын суусу Фарьяб провинциясынын Андхой районуна чейин жетиши керек.
Афганистандын Улуттук өнүктүрүү корпорациясы жарыялаган видеодо каналдын курулушу 99 пайызга аяктаганы белгиленген.
Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев 19-ноябрда өткөн басма сөз жыйынында Кош-Тепа каналы 2030-жылга чейин Амударыядан суу албай турганын билдирген. Министрдин айтымында, суусу аз жылдары канал аркылуу алынуучу суунун көлөмү Афганистан менен сүйлөшүүлөрдүн предмети болот.
Афганистан Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы трансчек аралык суулар боюнча келишимдерге кошулган эмес. «Талибан» бийлигинин эл аралык деңгээлде таанылбаганы расмий Кабул менен тиешелүү келишимдерди түзүү маселесин татаалдаштырууда.
«Талибан» кыймылы 2021-жылдын августунда бийликке кайтып келгенден кийин, 2022-жылы өлкөнүн түндүгүндө Кош-Тепа каналын куруу иштери башталган.
Долбоорго ылайык, узундугу болжол менен 285 чакырымды түзгөн канал Балх, Жаузжан жана Фарьяб провинцияларындагы дээрлик 550 миң гектар жерди сугарууга арналган.
Кош-Тепа каналынын биринчи бөлүгүндө суу 2023-жылы эле байкалган. «Өзбеккосмос» мекемесинин маалыматына караганда, ошол эле жылдын октябрь айында биринчи этаптагы убактылуу тосмолор алынгандан кийин каналдын нугунда суу агып баштаган.



















