Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев көпчүлүк адамдар смартфондун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалуу максатта колдоно албай жатканын белгилеп, смартфондун жардамы менен акча табууну үйрөнүүгө чакырды.
«Биз айыл тургундарын интернетти пайдалуу максатта колдонууга үйрөтүшүбүз керек. Азыр бардыгы смартфон колдонушат, бирок эмнегедир аны телефон чалуу, кат алышуу, ар кандай видеолорду, балким, тасмаларды көрүү жана TikTok үчүн гана арналган каражат катары түшүнүшөт.
Ал эми TikTok — адамдын мээсин, өзгөчө жаштардын мээсин өлтүргөн коркунучтуу нерсе», — деди Токаев Москвада өткөн AI Journey конференциясынан кийин жасалма интеллект тармагындагы жаш таланттар менен жолугушууда.
Ушуга байланыштуу ал смартфонду туура жана билгичтик менен колдонуу аркылуу интернет бар болгон шартта айылда же кыштакта отуруп эле акча табууга болорун белгиледи.
«Эң негизгиси — адамдарды буга үйрөтүү керек. Ошондо алар өкмөттүн эркине көз каранды болбогон, мыйзамдуу жол менен өз алдынча акча таба алган адамдарга айланышат. Бул өтө маанилүү… Мен муну элдик санариптик экономика деп атайм», — деп баса белгиледи Токаев.
Казакстандын президенти буга чейин да интернет менен смартфондорду жөн гана көңүл ачуу үчүн эмес, практикалык натыйжа бере турган максаттарда пайдалануунун маанилүүлүгү тууралуу айтып келген.
23-августта Казакстандагы жасалма интеллекттин өнүгүшү жана санариптештирүү маселелерине токтолуп жатып, Токаев «смартфон TikTok көрүү үчүн гана эмес» экенин билдирип, технологиялар адамдарга практикалык пайда алып келиши керектигин белгилеген.




















