Ирандын борбору Тегеран шаарында «Жанфида» («Жанымды берем») улуттук өнөктүгүнүн алкагында үй-бүлөлөргө арналган аскердик окуу борбору ачылды.
Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарлашынча, борбордун ачылыш аземи 25-ноябрда Тегеран шаарындагы Хазрат Фатима Захра атындагы бак-аллеяда өткөрүлгөн.
«Жанфида» («Жанымды берем») улуттук өнөктүгү Иранда өлкөнү коргоого даяр жарандарды бириктирүү, ыктыярчыларды уюштуруу жана аларды коргонуу багытында даярдоо максатында башталган мобилизациялык өнөктүк.
Өнөктүк 2026-жылы Иран менен АКШ жана Израилдин ортосундагы аскердик тирешүү күчөгөн мезгилде башталган. Анын алкагында жарандар атайын каттоо системасы аркылуу өз ыктыяры менен катышууга арыз бере алышкан.
«Жанфида» өнөктүгү өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана тышкы коркунучтарга каршы жарандардын даярдыгын жогорулатуу максатын көздөйт.


















