Россиянын Башкыртстан Республикасында алдамчыларга алданып, акчасынан ажыраган жарандардан жалпысынан 28 миллион рублга жакын каражатты алып кеткен кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
Анын маалыматына караганда, буга чейин соттолгон Башкыртстандын тургуну аймактар аралык курьердик кызматты уюштурган. Анын негизги милдети алдамчылар тарабынан жарандардан уурдалган акчаларды ташуу болгон.
Уюштуруучунун эки жардамчысы интернет аркылуу акча тапкысы келген адамдарды издеп, аларга айдоочу же курьер болуп иштөөнү сунушташкан.
Кылмышка шериктештер алдамчылыкка кабылган жарандардан акчаларды алып, кийин аларды криптовалютага айландырып, чет өлкөлөргө чыгарып турушкан.
«Ар биринин кылмыштагы ролуна жараша сегиз адам кармалды. Алар кылмыштуу коомчулуктун курамында алдамчылыкка жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого шектелүүдө», — деп жазды Ирина Волк өзүнүн «Макс» платформасындагы каналында.
Ал кармалгандардын 17 кылмышка тиешеси бар экени алдын ала аныкталганын, келтирилген жалпы зыян болжол менен 28 миллион рублди түзгөнүн тактады.
Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн маалыматына ылайык, шектүүлөргө карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон:
– 159-берене — алдамчылык;
– 174.1-берене — кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын адалдоо;
– 210-берене — кылмыштуу коомчулукту уюштуруу же ага катышуу.
Шектүүлөргө карата ар кандай бөгөт коюу чаралары тандалган.
Кылмыштуу курьердик кызматтын ишмердүүлүгүнө Россиянын ИИМинин Башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Башкыртстан Республикасынын ИИМинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана аймактык Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери бөгөт коюшкан.


















