Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери АКШнын чыгымдары 48 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Пентагондун бюджет маселелери боюнча өкүлү Артур Миллер билдирди.
«13-ноябрга карата бул сумма 48,3 миллиард долларды түзгөн», — деп маалымдады Миллер. Ал бейшемби күнү АКШ Сенатынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин угуусунда аскердик операцияга кеткен чыгымдардын жаңыланган эсебин сунуштады.
Анын айтымында, бул суммага ок-дарыларга кеткен чыгымдар, аскердик техниканы алмаштыруу жана аскердик операцияларды жүргүзүүгө байланышкан каражаттар кирет.
Угуу учурунда Коннектикут штатынан шайланган демократ-сенатор Ричард Блументаль Миллерден АКШнын аскердик объектилерине келтирилген зыяндын көлөмүн да баалоону өтүндү. Бирок Пентагондун өкүлү азырынча бул боюнча так маалыматка ээ эместигин билдирди.
28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге сокку урууну баштаган. Буга жооп катары Иран тарап да сокку урууларды жүргүзгөн. Учурда жаңжалда салыштырмалуу тынч абал байкалганы менен, кагылышуу толук жөнгө салына элек. Ошондой эле аскердик аракеттер кайрадан жанданышы мүмкүн деген кооптонуулар сакталып турат.


















