Сомали бийлиги Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен мамилелердин начарлашына байланыштуу Эмираттардын элчисине 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү талабын койду.
Ошондой эле өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып алды.
Бул тууралуу Middle East Eye (MEE) басылмасы кабарлады.
«Сомалинин маалымат министри Абдулфатах Касим Мохамуд Могадишо шаарында өткөн маалымат жыйынында бул чечимди жарыялады. Ал Сомалиге карата Эмираттардын басып кирүүсүнө ким болбосун көмөктөшсө, бийлик ага каршы чара көрөрүн эскертти», — деп билдирет басылма.
Министр Абу-Даби Сомалиге карата «ачык баскынчылык аракетин» жүргүзүп жатканын баса белгиледи.
Өз кезегинде БАЭнин Тышкы иштер министрлиги Сомали бийлигинин мындай чечимине байланыштуу өкүнүчүн билдирди.
Буга чейин, ушул аптанын башында Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд БАЭ Сомалинин ички иштерине кийлигишип жатканын билдирген. Анын айтымында, Эмираттар борбордук бийликтин уруксатысыз өлкө аймагында аскердик катышуусун сактап келүүдө.
MEE басылмасы белгилегендей, Сомали менен БАЭнин мамилеси көптөн бери начарлап келет. Анын негизги себептеринин бири — Абу-Дабинин Сомалиленд аймагын колдоосу. 1991-жылы Сомалидеги жарандык согуштун шартында бул аймактын бийлиги Сомалинин курамынан чыкканын жарыялап, Сомалиленд Республикасы деген аталыш менен көз карандысыздыгын жарыялаган.
Могадишо бийлиги ошондой эле БАЭни Бербера, Босасо жана Кисмайо портторун башкарган жергиликтүү администрациялар менен өз алдынча кызматташтык келишимдерин түзгөн деп айыптоодо.
Сомали бийлигинин версиясы боюнча, БАЭ 2025-жылдын декабрь айында Израилдин Сомалиленддин көз карандысыздыгын таануусунда да белгилүү бир роль ойногон.
2026-жылдын январь айында Сомали бийлиги БАЭ менен түзүлгөн бардык келишимдерди жокко чыгарып, Эмираттардын аскердик жана жүк ташуучу учактары үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин жапкан.















