Мындай маалымат ЭВФтин миссиясынын жыйынтыгы боюнча корутунду билдирүүсүндө айтылат. Фонддун миссиясы Казакстанда 4-ноябрдан 17-ноябрга чейин ЭВФ келишиминин IV беренесине ылайык консультациялардын алкагында иш алып барган. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Казакстандын Улуттук банкына шилтеме берүү менен маалымдады.
Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Казакстандын реалдуу ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү 2026-жылы болжол менен 4,6 пайызды түзүп, 2027-жылы 4,8 пайызга чейин тездейт деп күтүп жатат.
ЭВФтин эксперттеринин белгилешинче, акча-кредит саясатынын катаалдашы, пруденциалдык чаралар жана ликвиддүүлүктү башкаруунун натыйжалуулугунун жогорулашы инфляциянын төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн. Октябрь айында жылдык инфляция 9,2 пайызга чейин жайлаган. Баалардын динамикасына теңгенин бекемделиши, ошондой эле азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын кымбатташынын басаңдашы да таасир эткен.
Фонддун болжолуна ылайык, инфляция акырындык менен төмөндөй берет. Ошол эле учурда эксперттер акча-кредит саясатын мындан ары да катаалдаштыруу зарылдыгын белгилешти.
ЭВФ ошондой эле Казакстандын финансылык туруктуулугу үчүн тобокелдиктер чектелүү бойдон калууда деп эсептейт. Көрүлгөн чаралар күрөөсүз керектөө насыяларынын өсүшүн жайлатууга жана калктын карыздык жүгүн чектөөгө мүмкүндүк берген.
Фонд учурдагы чектөөлөрдү сактоону жана насыя берүүнү, анын ичинде ипотекалык насыяларды берүүнү көзөмөлдөөнү улантууну сунуштайт.
Эксперттер Казакстандын экономикасы үчүн негизги тышкы тобокелдиктердин катарына углеводороддордун баасынын төмөндөшүн, негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн жайлашын, дүйнөлүк финансылык шарттардын катаалдашын, ошондой эле мунай өндүрүүдө жана экспорттоодо мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдү киргизишкен.
Ички тобокелдиктерге бюджеттик кирешелердин пландалган көлөмдө түшпөй калышы, квазифискалдык ишмердүүлүктүн кеңейиши, тарифтердин жогорулашынан улам инфляциялык басымдын күчөшү жана инфляциялык күтүүлөрдүн жогору бойдон калышы кирет.
Мындан тышкары, ЭВФ өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана жеке сектордун экономикадагы ролун күчөтүүгө багытталган түзүмдүк реформалардын зарылдыгын белгиледи.
Артыкчылыктуу багыттардын катарына мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн кыскартуу, мамлекеттик ишканаларды ачык-айкын менчиктештирүү, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана капитал рыногун өнүктүрүү кирет.
Буга чейин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Эл аралык валюта фондунун миссиясынын жетекчиси Амина Лареш менен миссиянын жыйынтыктарын жана мындан аркы кызматташтыкты талкуулаганы кабарланган. Жолугушуунун жүрүшүндө ЭВФтин өкүлдөрү Казакстандагы макроэкономикалык кырдаалга оң баа беришкен.


















