J.L. Partners компаниясынын отчетуна ылайык, республикачылардын тарапташтарынын шайлоого аз катышуусу 3-ноябрдагы шайлоодо алардын жеңилүүсүнө алып келген негизги факторлордун бири болду.
2024-жылдагы АКШ президенттик шайлоосунда Дональд Трампка добуш берген америкалыктардын болжол менен 35%ы 2026-жылдын 3-ноябрында өткөн Конгресске аралык шайлоого катышкан эмес.
Бул тууралуу АКШдагы аралык шайлоонун жыйынтыгына арналган J.L. Partners изилдөө компаниясынын отчетунда айтылат.
Изилдөөгө ылайык, Республикалык партиянын жеңилүүсүнө алып келген чечүүчү факторлордун бири — жогорку билими жок шайлоочулардын, айыл жергесинин тургундарынын жана пенсионерлердин шайлоого аз катышуусу болгон.
Отчет добуш берүү күнү катталган 1000 шайлоочунун арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгү учурунда сурамжылоого катышкан 30 миңден ашык адамдын маалыматтарына негизделген.
Изилдөөнүн жыйынтыгында 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы 3-ноябрда добуш берүү участокторуна келбегени аныкталган.
Ошол эле учурда Трамптын жогорку билими жок тарапташтарынын арасында шайлоого катышпагандардын үлүшү 46%ды, айыл жергесинин тургундары арасында 39%ды, ал эми 65 жаштан жогорку шайлоочулар арасында 44%ды түзгөн.
Отчеттун авторлорунун баамында, аралык шайлоодо Демократиялык партия алган кошумча добуштардын өсүшүнүн болжол менен 70%ы шайлоочулардын саясий көз карашын өзгөртүүсүнө эмес, шайлоого катышуу деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу болгон.
Изилдөөдө ошондой эле добуш берүү учурунда америкалык шайлоочуларды эң көп тынчсыздандырган маселелер жашоо наркы жана өлкөнүн экономикасынын абалы болгону белгиленет.
Изилдөөнүн жыйынтыктарына комментарий берип жатып, J.L. Partners компаниясынын директору жана тең негиздөөчүсү Жеймс Джонсон республикачылар шайлоочулардын бирөө да демократтар тарапка өтпөгөн күндө дагы Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктөн ажырай турганын билдирген.
«Эгерде бир дагы шайлоочу өзүнүн саясий тандоосун өзгөртпөгөн күндө да, республикачылар Сенаттагы жана Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктөн баары бир ажырашмак», — деп баса белгилеген ал.



















