Кыргызстанда административдик-аймактык реформа улантылат. Кийинки этапта бардык облустарды жана райондорду жоюу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ошондой эле бири-биринин ишин кайталаган административдик органдар жоюлат. Облустардын жана райондордун ордуна республикада аймактар түзүлөт.
«Аймактар түзүлөт. Алар райондон чоң, бирок облустан кичине болот. Кыргызстанда 40 район эмес, 20дан ашык аймак болот. Ар бир облустун өзүнүн потенциалы бар. Мисалы, Ысык-Көл облусун түштүк жана түндүк бөлүктөргө бөлүп кароого болот. Жалал-Абад жана Ош облустарында чакан райондор, ошондой эле өнүгүү потенциалы жогору райондор бар. Ушул принциптин негизинде алар бириктирилип, андан кийин аймактарга бөлүнөт», — деди Жантаев.
Эске салсак, 2023-жылы Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын биринчи этабы башталган. Анын алкагында айрым райондордун чек аралары өзгөртүлүп, бир катар калктуу конуштар шаарлардын курамына киргизилген.
2023-жылы президент Садыр Жапаров да облустарды жана райондорду административдик бирдик катары жоюу, алардын негизинде 20дан ашык аймак түзүү пландары тууралуу билдирген.




















