Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына каршы «максималдуу басым» саясатын баштады

  • Батыш Азия, Дүйнө
  • 27.10.2026 12:22

Loading

Йемендик булактар хуситтердин Сауд Арабиясына каршы 25-октябрда баштаган «максималдуу басым» саясаты мындан ары да толук күчүндө улантыларын билдиришти. Бул тууралуу иран ЖМКлары жазышты.

Бул булактар 25-26-октябрь күндөрү Сауд Арабиясынын объектилерине жана анын тарапташ күчтөрүнө каршы 250дөн ашык ракета жана учкучсуз учуучу аппарат колдонулган масштабдуу, мурда болуп көрбөгөндөй чабуулдар жасалганын билдиришкен. Алардын айтымында, Сауд Арабиясынын аймагындагы терең жайгашкан объектилерге жасалган соккулар жаңжал башталгандан берки эң масштабдуу чабуулдардын катарына кирет.

Йемендик булактардын билдиришинче, бул күндөрү биринчи жолу 1 500 фунттук (болжол менен 680 килограмм) согуштук бөлүгү бар баллистикалык ракеталар Эр-Рияд эл аралык аэропортуна сокку уруу үчүн колдонулган. Алар бул чабуул олуттуу зыян келтиргенин белгилешкен.

Тема боюнча

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026

Маалыматка ээ булактар Йемендин Сана шаарындагы аэропорт кайра ачылып, иштей баштамайынча Эр-Рияд эл аралык аэропортунун иштешине жол берилбей турганын билдиришкен. Алардын айтымында, Эр-Рияд аэропортунун иштеши Сауд Арабиясынын бийлигинин гана эмес, Йемен армиясынын да аракеттерине байланыштуу.

Мындан тышкары, Даммам жана Жидда аэропортторуна үзгүлтүксүз чабуулдар уланып жатканы айтылууда. Абха аэропорту иш жүзүндө жабылганы да белгиленген.

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясына Сананын талаптарын аткарууну кечеңдеткен ар бир күн башка иштеп жаткан аэропорттордун да жабылышына алып келиши мүмкүн экенин эскерткени кабарланууда. Ошондой эле Даммам жана Жидда аэропортторун толугу менен иштен чыгаруу ниети бар экени айтылууда.

Маалыматтарга ылайык, Эр-Рияддан болжол менен 400 чакырым батышта жайгашкан Касим аэропортуна да ракеталык сокку урулган. Сауд Арабиясы Эр-Рияд эл аралык аэропортунун ишин ошол жакка көчүрүүнү пландап жатканы айтылат.

Йемендик булактардын маалыматына караганда, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү Сауд Арабиясынын Хижаздын түштүгүндөгү аскердик жана экономикалык борборлоруна, ошондой эле оккупацияланган үч провинциядагы объектилерге жасалган чабуулдар өлкөнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө олуттуу зыян келтирген.

Алардын билдиришинче, Хамис-Мушайт аба базасына эки күндүн ичинде 40тан ашык ракета жана 20га жакын чабуулчу дрон менен сокку урулган. Натыйжада бир катар учактар, радардык системалар, ок-дары сактоочу кампалар, техникалык тейлөөчү ангарлар жана башкаруу борборлору талкаланганы айтылууда.

Йемендик булактар Жизан провинциясындагы Сауд Арабиясынын деңиз аскер базасына жасалган чабуулдан бир нече кеме жок кылынганын билдиришкен. Кемелердин так түрү белгисиз бойдон калууда. Бирок алар десанттык жана камсыздоо кемелери болушу мүмкүн экени айтылган.

Ошол эле маалыматта Сауд Арабиясы Кызыл деңиздеги аскердик кемелерине сокку урулушунан чочулап, аларды түндүктөгү Акаба портуна көчүргөнү айтылат. Мындан тышкары, Нажран провинциясынын алыскы аймагындагы Шарура тик учак базасына да катуу сокку урулганы, бирок келтирилген зыяндын көлөмү азырынча белгисиз экени маалымдалган.

Инфраструктуралык объектилерге жасалган чабуулдар тууралуу сөз кылган йемендик булактар Медина шаарынын түндүгүндөгү бийик тоолуу аймакта чыгыштан батышка кеткен мунай куурунун кеминде үч насостук станциясына сокку урулуп, алар иштен чыгарылганын белгилешкен.

Алардын маалыматына ылайык, акыркы 100 күндүн ичинде Сауд Арабиясынын мунай объектилерине жасалган чабуулдар өлкөгө 100 миллиард долларлык зыян алып келген.

Ошол эле учурда Bloomberg агенттиги Saudi Aramco мунай компаниясы учурдагы каржылык кыйынчылыктарды жөнгө салуу үчүн чет өлкөлүк булактардан 10 миллиард доллар насыя алууга өтүнүч бергенин кабарлаган.

Жалпысынан, йемендик булактар куралдуу күчтөрдүн «максималдуу басым» саясаты башталганын жана аракеттер өз ара жооп кайтаруу баскычынан чыгып кеткенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, Сауд Арабиясынын акыркы 48 саат ичинде Йемендеги турак жайларга жана шаардык инфраструктурага жасаган чабуулдарынын натыйжасында 20 жай тургун каза болуп, дагы ондогон адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында аялдар жана балдар болгондугу айтылууда.

Булактар бул окуялардан кийин Йемендин саясий жетекчилиги аскердик командирлерге кыйратуучу жана оор соккуларды жасоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүк бергенин белгилешкен.

Йемендик тарапташтар мындан ары дагы татаал жана күчтүү чабуулдарды күтүүгө чакырышууда. Алардын пикиринде, Сауд Арабиясынын бийлиги Йемендеги согуш үчүн чоң чыгым тартып жатканын моюнга алгысы келбейт. Согуш улана берген сайын өлкөнүн бийлиги үчүн экономикалык жоготуулар көбөйүп, аларды калыбына келтирүү барган сайын кыйын болууда.

Маалыматта акыркы бир айдан ашык убакыттан бери Йемендин айрым аймактарында мектептер жана көптөгөн мамлекеттик мекемелер жабык турганы, электр энергиясын өндүрүүнүн кыскарышынан улам өнөр жай ишканаларынын бир бөлүгү да ишин токтоткону айтылат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ЙеменСауд Аравияхуситтер
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

Йемендик хуситтер Эр-Рияд аэропортуна жана Сауд Арабиясынын мунай объектилерине чабуул коюшту

14.11.2026
Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

Хуситтердин арзан жана так сокку уруучу «Ражум» дрону согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүдө

29.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

«Күчтүү Ирандын» калыптанышы: Эмне үчүн “Мекке келишиминин” демилгечилери Тегерандан коопсуздук калканын издеп жатышат?

27.10.2026
ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

ЖМК: Хуситтердин чабуулдарынан улам Эр-Рияддагы аба каттамдарынын бир бөлүгү 400 чакырым алыстагы аэропортко которулду

26.10.2026
Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

Маанилүү сапар: «Мекке келишиминин» өкүлдөрү бүгүн Иранга барышат

26.10.2026
Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

24.10.2026
АКШ Сауд Арабиясынан дипломаттарын тез арада чыгарат: Сауд Арабиясында кырдаал курчуп жатабы?

АКШ Сауд Арабиясынан дипломаттарын тез арада чыгарат: Сауд Арабиясында кырдаал курчуп жатабы?

22.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
207 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.