Акыркы убактарда Федералдык “Россия-1” телеканалы Борбор Азия мамлекеттерине карата неоимпериализм жана ачык шовинизм руху менен коштолгон билдирүүлөрдү көбүрөөк көрсөтө баштады. Бул жолу алып баруучу Владимир Соловьевдун программасында саясий серепчи Сергей Михеев аймактагы өлкөлөрдүн тышкы саясатын кескин сынга алып, алардын тең укуктуулугун басмырлады. Ал Орусияда 2024-жылы өткөн президенттик шайлоодо Путиндин ишенимдүү өкүлү болуп иштеген.
Михеев Москва кризиске кептелген учурларында көп жылдар бою кошуналарына колдоо көрсөтүп, “куткарып” жана “эркелетип”, стратегиялык ката кетиргенин белгилейт. Анын логикасы боюнча, Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрү сөзсүз берилгендик менен баш ийип, эч кандай каршы пикирин билдирбеш керек болчу, бирок иш жүзүндө, бул өлкөлөр андай кылбай, өз алдынча саясат жүргүзүп, өз кызыкчылыктарын коргоп, чечимдерди көз карандысыз кабыл алып жатышат. Эксперт эмгек миграциясы маселесине өзгөчө нааразы: ал бул өлкөлөр Орусиянын эмгек рыногунан пайдаланып, өздөрүн “карыздар” сезбей, ыраазы болбой жатышканын белгиледи.
Михеевдин риторикасы ачыктан-ачык эле коркунуч туудурган: ал Украина сценарийине окшош ойго тартып, дал ушундай геосаясий оор абалга катуу тартиптин жоктугу менен Кремлдин “ашыкча боорукердиги” алып келгенин кошумчалайт. Анын сөзүнүн кульминациясы – мурдагы советтик республикалар “өз ордун билип” жүрүүсү өтө маанилүү дегени болду.
Орусия президенти Путинге жакын делген адамдардын миллиондогон көрүүчүсү бар телеканалдар аркылуу мындай билдирүүлөрдү жасоосу – Москвадагы айрым саясий чөйрөлөрдүн Борбор Азияны көз карандысыз субъект катары эмес, көз карандылыгынан ажыратылган жана Орусиянын таасир көрсөтүүчү зонасы катары кабыл алынып жатканынан кабар берет.
Ал эми теле берүүнүн автору катары, алып баруучу Владимир Соловьев азыркы көз карандысыз Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирген билдирүүнү ачык колдоду. Тышкы саясатка байланышкан билдирүүлөрдү талдап жатып, ал Бишкек, Ташкент жана Астана талкуудагы ойлорду катуу четке какканы – бир нерсени далилдеп турат деп эсептеген.
Алып баруучунун шовинисттик билдирүүсүнүн фону – аймактагы мамлекеттердин эгемендүүлүгү Орусия кызыкчылыктарынын экинчи орунунда турганын айтат. Ал мындай билдирүүлөр коңшу өлкөлөрдүн “нерв реакцияларынан” байкалып жаткандай — Орусиянын саясатынын багытына баш ийип, ошол жол менен жүрүү керектигин моюнга алгысы келбегенинен улам чыгып жатат деген.
Соловьевдун айтымында, бул өлкөлөрдүн жетекчилери өз “катачылыктарын” терең аңдап түшүнүшү өтө маанилүү. Эгер бул мамлекеттер өз алдынча, көп векторлуу саясат жүргүзүүгө аракет кыла беришсе, анда ал макул эместиктин белгиси катары кабыл алынаарын кыйыткан. Анан ал бул өлкөлөрдөгү орус элчилери Тышкы иштер министрликтерине чакырыла баштаганын өкүнүү менен белгиледи.
Ал Орусиянын айрым коңшу мамлекеттерине жана КМШга кирген өлкөлөрдүн дарегине карата мындай сөздөрдү мурда да айтып келген. Буга чейин Борбор Азияны “биздики” (Орусияныкы – ред.) деп, Орусиянын таасир зоналарында атайын аскердик операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган.
Анын билдирүүсүнөн кийин Борбор Азия мамлекеттеринде кызуу талкуу жүргөн. Андан соң Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Соловьевдун билдирүүсүнө комментарий берип, журналисттин позициясы Москванын расмий позициясын билдирбей турганын жарыялаган.
Ал арада Путиндин башкы философу катары белгилүү болгон Александр Дугин да Борбор Азиянын эгемендүүлүгүнө шек келтирген билдирүү жасаган. Анын сөзүн колдоп, орусиялык белгилүү боксчу жана саясатчы Николай Волуев да видео тараткан.
Ошентип Сергей Михеевдин билдирүүсү январь айында Борбор Азия менен Кавказга акаарат келтирген билдирүүлөрдүн төртүнчүсү болуп калды.
Айрым серепчилер, башка өлкөлөрдүн реакциясын байкоо үчүн кайсы бир кубаттуу мамлекеттер ушундай билдирүүлөрдү таратып турушарын белгилешет.
Даярдаган: А. Белеков



















