Менин курагымдагы замандаштар жакшы билишет, 1989-1990-жылдары андагы улуу держава СССРде кайра жаралуу доору башталып, ар бир Союздук республикалар өз алдынча мамлекет болууга умтулушуп, Москвага каяша айта башташкан болчу. Бирок Кыргызстанда мурдагыдай эле бейпилдик өкүм сүрүп, борбордук бийликтин айткан-дегени менен жашап жатканыбызда “Комсомольская правда” газетасы “Неизвестная республика” деген макала жазып, Кыргызстанды эле эмес, кыргыз элин да кошо шылдыңдаган болчу.
Ким билет, ошондо кыргыз жаштары намысына келиштиби же турмуштун социалдык көйгөйлөрү жарылдыбы, айтор Бишкектин тегерегиндеги бош жаткан жана эгин аянттарын басып алышып, үй куруп, туракжай муктаждыгын чече башташкан. Көрсө, бул Кыргызстанга келаткан демократия менен эркиндиктин желаргысы экен. Андан кийин жаштардын колдоосу менен жаңы көз караштагы Аскар Акаев президент болуп шайланган. Тилекке каршы ал 15 жыл бийликте отуруп, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө сөз эркиндиги, демократия салтанат курган өлкө катары тааныткан менен экономикалык жактан артта калдык. Баарынан да үй-бүлөлүк башкаруу күч алып, бүтүндөй мамлекетибиз Акаевдин аялы, кыздары менен балдары, күйөө балдары башкарышып, кызарган мекеме, ишканалардын баарын тартып ала башташты. Мындай ачкөздүктүн акыры 2005-жылы 24-марттагы элдик революция менен аяктап, А. Акаев Москвадан кандай кокустан президент болуп келсе, ошондой өзү күтпөгөн жагдайда качууга аргасыз болду.
Сыягы, бул чындап эле үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан тажаган эл тарабынан жасалган революция болду окшойт. Ошентип А. Акаевдин ордуна келген К. Бакиев алгачкы жылдары жакшы иштеп, өлкөбүздүн экономикасын бир аз болсо да көтөргөн менен ал деле кийин инилери менен балдарын тыя албай, эл беш жылдан кийин, 2010-жылы экинчи ирет көтөрүлдү. Бирок бул ирет бийлик алмашуу кан төгүлүү менен коштолуп, Ала-Тоо аянтында 89 азаматыбыздын өмүрү кыйылды.
Бирок К. Бакиевдин бийликтен кулашынын чыныгы себеби карапайым элдин социалдык көйгөйү болгондон тышкары тышкы күчтөрдүн да таасири болду окшойт…
Демек, Кыргызстанга көз арткан же өз таасирин жүргүзгүсү келген сырткы күчтөр жергиликтүү карапайым калктын күнүмдүк турмушундагы көйгөйлөрүн изилдеп чыгып, улам улам революция-төңкөрүш уюштурууну адатка айландырып алышкандай. Ошол эле учурда өздөрүнө “лоялдуу” адамды мамлекет башына алып келүүгө аракет кылышары белгилүү.
Дал ушундай “сценарий” менен Кыргызстандын азыркы бийлигине каршы айрым соц.тармактар менен маалымат каражаттары 19-ноябрда кезектеги революция болот деп, элдин башын айландыра башташкан. Бул ирет алардын мындай карасанатай оюу ишке ашпай, таш капкандыгын бүгүн, 20-ноябрда ишенимдүү түрдө айта алабыз.
Биринчиден, 2021-жылы бийлик башына келген азыркы башчыларыбыз бир топ эле эл менен мамлекет үчүн иштеп жатышат. Эң оболу 2021-2022-жылдары эки жыл катары менен кол салып, күч менен “таштуу аймак” деген шылтоо менен жерибизге көз арткан душмандардын мизи кайтып, татыктуу жооп болду. Ошол эле учурда армиябыз итке минген абалдан өтө күчтүү деңгээлге көтөрүлүп, “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттарынын баардык үлгүлөрүн сатып алды. Мекенди коргогон жоокерлерибиздин маянасы өтө жогорулады.
Билим берүү тармагында да чоң өзгөрүүлөр болуп, мугалимдердин маянасы алардын түшүнө кирбегендей суммага жогорулады. Бир эле аскерлер менен мугалимдер эмес, баардык бюджет кызматкерлеринин жана пенсионерлердин маянасы эки-үч эсеге көтөрүлдү.
Бир эле уюшкан кылмыштуу топтун анабашы жок кылынып, анын 500гө жакын ишкерлерди мите курттай соруп келген бандиттердин бийликке багынып берип жатышы жана мындан ары мыйзамга ылайык жашоо жолуна түшкөндүгү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жасаган чоң эрдиги болуп саналат. Мындай тобокелчилик кадамга башка бирөөлөрдүн барышы күмөн болчу. Бул да өзүнчө сөз кыла турган чоң тема.
Эгер эки жылдан бери өлкөбүздө жасалып жаткан иштерди айта берсек, өзүнчө узун материал жазылат. Ал боюнча өзүнчө кеңири жазарбыз.
Көрсө, бул ирет да чет жакка качып же башкача жолдор менен кеткен мекендештерибиз эле соц-тармактар аркылуу элди дүргүткөн маалыматтарды таратышкан экен. Алардын бир нечеси ошол жүргөн жагынан УКМК тарабына кармалып, азыр сууга түшкөн мышыктай абалда кечирим сурап отурушат. Ал эми 19-ноябрь – жекшемби күнү Кыргызстанда кадимкидей эле күн чыгып, кайра батып, эл өз турмушу менен алек болууда. Себеби бүгүнкү күндө элибиз бизге мындан ары бейпилдик керек экендигин түшүнүп калышты жана чет жактагы кайсы бир карамүртөз күчтөрдүн жеке кызыкчылыгына азгырылбайт…
Э. Момунов.



















