Европадагы тажик оппозициясынын өкүлдөрү: «Тажикстандагы жакындарыбыз кармалып, куугунтукталууда».
29-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Берлинге сапары учурунда нааразылык акциясын өткөргөн тажик оппозициясынын Европадагы өкүлдөрү мекенинде калган үй-бүлө мүчөлөрү кармалып, суракка алынып жатканын билдиришти.
Европада жашаган активист Шарофиддин Гадоев тажик укук коргоо органдары 1-октябрда анын Хатлон облусунда жашаган 72 жаштагы апасын кармап кетишкенин, учурда анын кайсыл жерде экени белгисиз болуп жатканын айтты.
«Кармоо учурунда алар ачууланып, апамдан «эмнеге уулуң Улут көсөмүн диктатор деп атайт, эмнеге Берлинде президенттин унаасына жумуртка ыргытты, тынч жашай албайбы?» деп сурашкан», – деди Гадоев.
30-сентябрда тажик оппозициясынын мүчөсү Фарход Одинаев Гиссар шаардык милициясы анын жээнин кармап кеткенин билдирди.
«Апамды алып кетүү үчүн барган күч түзүм кызматкерлери жээнимди кармап кетишкен. Азыр анын кайсыл жерде экени белгисиз болууда. Апама «алар (чет өлкөдөгү оппозиция мүчөлөрү) тынч эле жашай беришпейби, эмнеге Улут көсөмүнүн автоунаасына жумуртка ыргытышат?», деп сурашкан», – деди Одинаев.
Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» оппозициялык кыймылы 30-сентябрда милиция кызматкерлери активист Дилшод Шарифовдун улгайган атасын жана дагы алты үй-бүлө мүчөсүн кармап кетишкенин билдирди. Кийинчерээк активисттин эки карындашы кое берилген, калгандары кайда экени дале белгисиз болууда.
Укук коргоо кызматкерлери мындан тышкары «Группа 24түн» Берлиндеги нааразылык акциясына катышкан дагы үч активисти – Исмоил Махмадовдун, Жамшед Шарифовдун жана Мухаммаджон Абдуллоевдин үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле кыймылдын маалыматтык бөлүмүнүн жетекчиси Бехруз Тагойзоданын атасын алып кетишкени кабарланды. Учурда алардын тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок болууда.
Тажик оппозициясынын дагы бир өкүлү Шохражаб Шохими 30-сентябрь күнү эртең менен ата-энеси, карындашы жана анын балдары милиция бөлүмүнө жеткирилгенин, азыр алардын кайсыл жерде экени белгисиз экенин билдирди.
29-сентябрда Берлинде нааразылык акциясын өткөргөн тажик оппозициясынын өкүлдөрү Рахмондун режимине каршы ураандарды кыйкырып, анын автоунаасына жумурткаларды ыргытышкан.