Eurasiatoday
Жекшемби, 10-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

30-августан тартып милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

  • Без рубрики
  • 21.08.2023 09:54

Loading

Улан Ниязбеков: 30-августтан баштап ички иштер органдары “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда тартипти сактоо маселесине өзгөчү көңүл бурулсун.

2023-жылдын 21-августунда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, жалпы коопсуздук иштери боюнча, анын ичинде 31-август Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрь Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

Тема боюнча:

Конституциялык соттун төрагасы чет өлкөгө чакырууга өзүнүн туугандарын жөнөтүп турган

Конституциялык соттун төрагасы чет өлкөгө чакырууга өзүнүн туугандарын жөнөтүп турган

08.12.2023

Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков: “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп, кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы, өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн, айрым жетекчилер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени, буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз. Кызматка жаңы дайындалган кесиптештерге тапшырма: Кыска мөөнөттүн ичинде, баардык кемчиликтерди жеринде жоюп, алгылыктуу иш алып барыңыздар” – деп баса белгиледи.

Бул талаптарды өздүк курамга так жеткирип, эл арасында профилактика иштерин ырааттуу жүргүзүнүү катуу көзөмөлгө алыңыздар. Элдин тынчын алган баардык маселелер – ички иштер органдарына тиешелүү экендигин эсиңиздерден чыгырбаңыздар. Анткени, кылмышка каршы күрөшүп, коомдук коопсуздукту сактоодон тышкары, элди сервистик тейлөө, нааразычылык акцияларын болтурбоо, массалык жана улуттар аралык башаламандыктарга бөгөт коюу багыттары да бар.

Ар бир жетекчи жарандардын жай турмушуна тоскоол болгон баардык кесепеттерге бөгөт коюу иштерин алып барууга жооптуу экендигин баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге элге жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлүп нааразычылыктарга жол бербөө чаралары көрүлсүн. Андан тышкары, 10-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын бир мандаттуу округдан шайлоо болот. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө добуш сатып алуу фактылары аныкталгандыктан, жыйынтыгы жараксыз деп табылган.Добуш сатып алуу, элге туура эмес ой-пикирлерди жайылтуу жана жалпы шайлоо мыйзам бузууларын болтурбоо боюнча, алдын алуу иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлсүн.

Жогоруда аталган баардык талаптарды, күнүгө эртең менен болуп өтүүчү нускамаларда өздүк курамга айтып, ички иштер органдары саясатка жана жагымсыз көрүнүштөргө аралашпай турганын, өлкөнүн коопсуздугу менен элдин тынчтыгын сактоого милдеттүү экендигин так жеткирип коюңуздар.

Ар бир иш-чара болуп өтүүчү аймактарда жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жаш балдардын дайынсыз жоголуп кетүүсүнө бөгөт коюу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо боюнча иш-милдеттер белгиленди. Баардык жетекчилер, берилген тапшырмалардын негизинде, жүктөлгөн милдеттерди аткарууну колго алыңыздар.

Массалык маданий иш-чаралар болуп өтүүчү жерлерди Коомдук коопсуздук кызматы менен алдын ала такташып, тиешелүү мамлекеттик органдар, өзгөчө кырдаалдар, медицина бөлүмдөрү, жергиликтүү администрациялардын жетекчилери менен бирге иш алып барыңыздар. Кызматкерлердин тартибине, кийип жүргөн формасына, сырткы келбетине жана аткарган ишмердигинин ырааттуулугуна өзгөчө көңүл бурулсун.

Элге ыкчам жана сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, 28-август күнү баардык ички иштер бөлүмдөрүндө, башкармалыктарда “саптык кароолор” жүргүзүлүп, коомдук тартипти сактоо маселесине өзгөчү көңүл бурулсун.
30-августтан баштап, жалпы ички иштер органдары “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда кызматтык милдеттерди аткаруу жогорку деңгээлде ишке ашырылсын.
Коомдук жайлардагы уурулуктарга, бейбаштыктарга, өз-ара урушууларга жана жалпы эрежелерди бузууларга бөгөт коюлсун.

Айыл аймактардан баштап жалпы кырдаалды өз деңгээлинде көзөмөлдөө, келип чыккан маселени жеринде ыкчам чечүү, массалык тартип бузууларга жол бербөө, экстремисттик жана террордук кылмыштарды алдын алуу үчүн, иш-чарларга башынан аягына чейин биринчи жетекчилер жооптуу болуп бекитилсин.

Андан тышкары, 1-сентябрда билим берүү мекемелеринде жана орто мектептерде окуу жылы башталат. Жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Бир дагы жаш өспүрүмгө же өспүрүмдүн катышуусунда резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин.Мектеп мугалимдери, ата-энелер комитети, балдар иштери боюнча социалдык бөлүмдөр, жаштар уюмдары менен биргеликте алдын алуу иш-чаралары уюштурулсун.

Бул багыттагы жумуштар кыска мөөнөттө жөнгө келтирилбесе, өз милдетин аткарбаган, күч-каражатын туура бөлүштүрүп, кайгуул ишмердигин көзөмөлгө албаган жетекчилерге тартиптик жазаларды колдонобуз. Жергиликтүү бийлик органдары жана биргеликте мерчемдүү жерлерге видео-камераларды орнотууну аягына чыгарыңыздар, – деди министр чогулуштун жүрүшүндө.

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жумада УКМК тарабынан беш милиция кызматкери маңзат чуусуна байланыштуу кармалып, камакка алынган. Алар синтетилкалык маңзатты жеке өзү колдонгон жарандарды коркутуп, 20-30 миң сомдон 5 миң долларга чейин акча алып турушкан. Коопсуздук органы милиция кызматкерлери тарабынан жасалган мындай 200 учурду аныкташкан.

Бул резонанстуу окуя боюнча ИИМдин коллегиясы өтүп, жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылып, бир тобу кызматынан алынган. Ээлеген креслосунан ажыраган милиция чиновниктеринин арасында Бишкек ШИИББнин мурдагы башчысы Азамат Ногойбаев да бар.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: коомдук тартипмаңзат чуусумилицияУКМК
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Курулуш компанияларынын бири тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө келтирилген зыяндын орду мамлекетке төлөндү

Курулуш компанияларынын бири тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө келтирилген зыяндын орду мамлекетке төлөндү

09.12.2023
Конституциялык соттун төрагасы чет өлкөгө чакырууга өзүнүн туугандарын жөнөтүп турган

Конституциялык соттун төрагасы чет өлкөгө чакырууга өзүнүн туугандарын жөнөтүп турган

08.12.2023
Камчыбек Ташиев: “Чагымчыл күчтөр кимдер экенин билебиз!”

Камчыбек Ташиев: “Чагымчыл күчтөр кимдер экенин билебиз!”

06.12.2023
Ысык-Көл облусунда К. Көлбаевге (К. Асанбек) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда К. Көлбаевге (К. Асанбек) тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

05.12.2023
Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти

Камчыбек Ташиев Тажикстанга учуп кетти

01.12.2023
Бишкектеги мектепке бомба коюлду деп жалган билдирүү жөнөткөн үч окуучу кармалды

Бишкектеги мектепке бомба коюлду деп жалган билдирүү жөнөткөн үч окуучу кармалды

01.12.2023
УКМК Төрагасы К. Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн аймактагы жетекчилер жоопко тартыларын эскертти

УКМК Төрагасы К. Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн аймактагы жетекчилер жоопко тартыларын эскертти

30.11.2023
200 миң доллар опузалаган президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси кармалды. Сүрөт

200 миң доллар опузалаган президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси кармалды. Сүрөт

24.11.2023
Зордук-зомбулук жасагандарга электрондук билерик тагуу сунушталды

Зордук-зомбулук жасагандарга электрондук билерик тагуу сунушталды

24.11.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.