2025-жылдын 29-30-майында Казакстандын борборунда дүйнөлүк лидерлерди, эксперттерди, инвесторлорду жана бизнес өкүлдөрүн бириктирген региондогу эң ири бизнес-чара – «Астана Эл аралык форуму» (AIF2025) өтөт.
Маалыматты Казакстандын Улуттук экономика министрлиги билдирди.
Форумдун программасы азыркы учурдун негизги чакырыктарын камтыйт жана пленардык сессияны жана 25 талкуу аянтчасын камтыйт.
Ага дүйнөнүн төрт бурчунан 600гө жакын чет элдик коноктордун, анын ичинде алдыңкы саясатчылардын, эл аралык уюмдардын, корпорациялардын, инвесторлордун жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Алдын ала маалымдалгандай, 2025-жылы AIF глобалдык күн тартибинин үч негизги багытына көңүл бурат: тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук; энергетика жана климаттын өзгөрүшү; экономика жана финансы.
Астана 2025 эл аралык форуму – инвестиция үчүн глобалдык атаандаштык доорунда өтүп жатат жана Казакстандын дүйнөгө ачыктыгын көрсөтөт.
Кеңири масштабдуу реформалар, мыйзамдарды модернизациялоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу өлкөнүн өнүгүшүнө жана анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Форумдун негзиги максаты ачык диалог жана чет элдик капиталды тартуу, стратегиялык келишимдерди түзүү жана экономикалык өнүгүүгө багытталган демилгелерди илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болуу.
Мындан тышкары, AIF2025 программасынын алдында Казакстандын негизги өнөктөштөрү менен экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган бир катар бизнес-форумдарды өткөрүү пландаштырылууда.


















