Пакистандын Гилгит өрөөнүндө жашаган этникалык кыргыздарга 10 адамдан турган кыргызстандык экспедициялык топ барды. Алар бир жума бою ал жакта жашаган кыргыздардын жашоо-турмушун комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
Бул тууралуу экспедицилык топтун мүчөсү, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев билдирди.
Аталган топтун дагы бир мүчөсү, «Бай Элим» агрохолдинг негиздөөчүсү жана башкы директору Рысгүл Акимжанова белгилегендей, Пакистанга барган кыргызстандык делегациянын мүчөлөрү төмөнкүлөр:
– Абылабек Асанканов – этнограф тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор, КРнын УИАнын корреспондент мүчѳсү, Кыргызстандын УИАсынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору. Президенттик администрациянын окумуштуу-этнографы.
– Данияр Карабаев – тарыхчы, АУЦАда ага окутуучусу, эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы. Борбор Азиядагы оозеки тарых ассоциациясынын жетекчиси.
– Доолот Рысбаев – кийим боюнча сүрөтчү-конструктор-портной, көркөм тасмалардын кийим боюнча сүрөтчүсү. Жеке изилдөөчү.
– Жолдошбек Ботоноев – тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, Ош МУнун эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын доценти.
– Айдай Асангулова – кийим боюнча сүрөтчү-бычмачы, жеке изилдөөчү, Кыргыз республикасынын улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун аспиранткасы. «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү, жетекчиси.
– Жанат Канат Уулу – манасчы, дастанчы.
– Абылабек уулу Данияр – комузчу.
– Нуриза Чынтемирова – эркин журналист.
– Сайфудин Мурзаев – көркөм тасмалардын оператору, документалист, сценарист.
Акимжанованын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка караганда, пакистандык кыргыздар менен жолугушуу абдан кызыктуу өтүп, көптөр билбеген фактылар айтылган. Пакистандык кыргыздардын башчысы Мохаммад Захиджан кыргыздардын кантип Пакистанга келип, отурукташып калганы жөнүндө өтө маанилүү маалыматтарды айтып берген.
Пакистанга алгач тарыхта белгилүү Жаныбек казы барып отурукташып калган. Ал 1926-жылы үй-бүлөсү жана көптөгөн туугандары менен Өзгөндөн Кытайга, андан Пакистанга өтүп кеткен. Алар алгач Пакистандын азыркы Гилгит-Балтистан провинциясынын түндүк-батыш бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан бийик тоолуу Ишкоман өрөөнүнө жайгаштырылган.
Көчмөн жашоого көнүп калган кыргыздарга бул аймак биринчи кезекте мал кармаганга өтө ыңгайлуу болгон. Ишкоман өрөөнүнүн калкынын меймандостугун эске алганда, ал жерде кыргыздар жергиликтүү тургундардан эч кандай кысымга алынган эмес.
Учурда кыргыздар бийик тоолуу Ишкоман өрөөнүндөгү Иммит жана Варгат айылдарында жашайт. Ал жерде жалпысынан 120га жакын кыргыз бар. Гилгит-Балтистан провинциясынын административдик борбору болгон Гилгит шаарында да 15ке жакын үй-бүлө жашайт. Ал эми мурдагы борбордо жана Пакистандын эң чоң шаарларынын бири – Равалпиндиде 10го жакын үй-бүлө жашайт. Жалпысынан ар кандай маалыматтар боюнча, учурда Пакистанда Жаныбек казынын урпактары делген 200дөн 250гө чейин этникалык кыргыздар бар. Мындай маалыматтарды 2015-жылдын 23-декабрда Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги билдирген.