Өлкөбүздүн энергетика тармагын жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2024-жылы 2023-жылга бөлүнгөн каражатка (33,2 млрд сом) салыштырмалуу 40,7 млрд сомго көбөйүү менен 74,0 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.
Аталган каражат төмөндөгүдөй бөлүнмөкчү:
– «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө – 55,8 млрд сом;
– күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө – 7 млрд сом өлчөмүндө;
– бюджеттик кредиттерди бөлүүгө – 2,7 млрд сом;
– мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында 8,1 млрд сом суммасында, ошондой эле башка иш-чараларды ишке ашырууга каражат каралган.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан суу ресурстарын гидроэнергетика тармагында 10% гана колдонуп келет. Келечекте бир нече ГЭС, чакан ГЭС, күндөн жана шамалдан энергеия алуучу станцияларды куруу менен электр энергиясын импорттогон өлкөдөн экспорттогон мамлекетке айлануу планы бар.



















