2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода жүгүртүү 13%га кыскарган. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.
Ведомствонун маалыматы боюнча, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 78,5 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (90,2 миллион доллар) 13%га азайган.
Экспорт
Жыл башынан бери июнь айына чейин Кыргызстандан БАЭге товар экспорттоо 48 миллион долларды түздү, бул жалпы соода жүгүртүүнүн 61%ын түзөт.
Кыргызстан негизинен төмөнкү товарларды жеткирет:
- Электроника – 36 миллион доллар;
- Мунай жана мунай продуктулары – 5,3 млн доллар;
- Учуучу аппараттар – 1,5 миллион доллар;
- Баалуу металлдар – 965 миң доллар.
Импорт
6 ай ичинде БАЭден Кыргызстанга товарлардын импорту 30 миллион долларды түздү, бул өлкөлөр ортосундагы жалпы соода жүгүртүүнүн 39%ын түзөт.
Кыргызстан БАЭден негизинен төмөнкү товарларды сатып алат:
- Транспорт каражаттары – 13 миллион доллар;
- Кездемелер жана синтетикалык материалдар – 7,8 миллион доллар;
- Парфюмериялык каражаттар – 1,5 миллион доллар;
- Каучук, резина жана алардан жасалган буюмдары – 1,2 млн доллар.




















