Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
“30-ноябрда Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”,- деп айтылат телеграммада.
Мамлекет башчысы жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да Казакстандын Парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Казакстандын Алматы шаарындагы хостелде катталган өрттүн кесепетинен жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.
Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”, – деп айтылат телеграммада.
30-ноябрь эртең менен Алматы шаарындагы үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы хостелде өрт чыгып, 13 киши каза болгон. Каза болгондордун арасында тогуз казакстандык, эки россиялык жана эки өзбек жараны бар.
Өрт чыккан учурда имаратта 72 киши болгон, алардын 59у өз алдынча качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Үч киши ооруканага жеткирилген.
Учурда кырсыктан келип чыгуу себептери иликтенүүдө.



















