Эки адамдын жеке мамилесинен тартып, мүлк талашына, мамлекеттер менен эл аралык деңгээлге чейинки мамилелерине акыркы чекитти сот коёт. Ал эми ошол өкүмү күчтүү фемида канчалык калыс, адилет чечим чыгарууда?
Тилекке каршы бул суроого бир тараптуу жооп берүү кыйын. Анткени өзгөчө биздин коомдо сот кандай гана өкүм чыгарбасын, жеңген тарап да, жеңилген тарап да көпчүлүк учурда ыраазы болушпайт. Ошол эле учурда оң колун ыйык мыйзамыбыз Конституцияга коюп, эл менен президенттин алдында Ант берген соттор дайым эле таза иштебестен, коррупцияга аралашып кеткен учурлары жок эмес.
Деги ушул көйгөйлөрдү кантип жоюп, карапайым элдин ишенимине кирүүгө болот? Албетте, бул багытта бүтүндөй сот системасына адам факторунан тартып, материалдык-техникалык жактан терең реформа талап кылынат. Өзгөчө сот процесстерин ачык, онлайн форматта өткөрүү жогоруда айтылган соттошкон тараптардын негиздүү, негизсиз дооматтарын жокко чыгармак. Адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек, Жогорку соттун азыркы төрагасы Медербек Сатыев жеке өзү республикабыздын райондору менен шаарларындагы аймактык сотторду кыдырып, судьялардын материалдык-техникалык шартын жакшыртуу менен айтылган көйгөйлөрдү чечүү, жаңыча иштөө багытында бир топ эле иштерди жасап жатат.

Бирок канткен менен соттор менен карапайым элдин ортосундагы байланышты чыңдоону мезгил менен турмуш талап кылууда. Бир чети соттор да кантип элге жакын болууга, өздөрүнүн ишин жакшыртуу, жаңыча иштөө үчүн сунуш, пикирлерге муктаж. Ушундай максаттарды ишке ашыруу үчүн 1-апрелде Кыргыз Республикасынын жогорку сотунун төрагасы Сатыев Медербек Асанбекович орун басарлары жана тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери менен республикабыздагы алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлору жана жеке блогерлер менен жолугушту. Белгилей кетүүчү жагдай, биз билгенден Жогорку соттун төрагасы баш болгон жетекчилеринин ЖМК өкүлдөрү менен эркин форматта жолугушуп, өздөрүнүн иши тууралуу отчёт берген жана сунуш, пикирлерди уккан иш чара биринчи жолу уюштурулуп жатат.

Алгач М. Сатыев Жогорку соттун акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, төмөндөгүлөргө токтолду:
“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, журналисттер жана блогерлер!
Сиздер менен бүгүн ачык форматта жолугушуп, сот бийлиги менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулоо биз үчүн маанилүү. Анын негизги максаты – коомчулукка так, ишенимдүү жана тең салмактуу маалымат жеткирүү аркылуу сот системасына болгон ишенимди бекемдөө.
Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттары “төртүнчү бийлик” катары коомдук пикирди калыптандырууда өзгөчө ролду ойнойт. Сиздер сот тутумунун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууда, ошондой эле коомчулуктун ишенимин бекемдөөдө маанилүү өнөктөшсүздөр. Ошондуктан сиздерди ачык, конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү кызматташууга чакырам.
Ошол эле учурда, коомчулукта блогерлерге болгон ишенимдин өсүп жатканын да белгилей кетүү зарыл. Бул жагдай маалымат берүүдөгү тактыкты жана объективдүүлүктү өзгөчө талап кылат. Ар бир берилген маалымат сот системасы тууралуу коомдук түшүнүктү түзөрүн эске алуу абзел.

Сөзүмдүн башында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан өткөн жылы жүргүзүлгөн иштерге кыскача токтолуп кетсем.
2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан сунушталган 4 мыйзам жана 10 мыйзам алдындагы актылар Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды.
2025-жыл 2024-жылга салыштырмалуу Жогорку соттун Пленумунун ишмердүүлүгүндө өзгөчө активдүүлүк менен айырмаланды. Тактап айтканда, 2024-жылы жалпысынан 37 токтом кабыл алынса, 2025-жылы 54 токтом кабыл алынган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 46 пайызга көп.

ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууга Жогорку соттун төмөнкү жетекчилиги катышты:
Мусаев Нурлан Алишерович – Жогорку соттун Кылмыш –жаза иштери боюнча соттук коллегиясынын төрагасы,
Бакирова Нургуль Жакыповна – Жогорку соттун Административдик иштери боюнча соттук коллегиясынын төрагасы,
Камчыбеков Шералы Равшанбекович – Жогорку соттун Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы.
Сейдакматова Аида Асанбековна – Судьялар кеңешинин төрагасы,
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Мырзалимов Руслан Муратбекович жана Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Токтомамбетов Эркин Божокоевич.
Мындан тышкары өткөн жылы 1991-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин кабыл алынган КР Жогорку сотунун Пленумунун бардык токтомдору ревизияланып, жаңылоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү.
Жакында жеке өзүм республиканын аймактарындагы соттордо болуп, 2025-жылдагы жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкууладык. Мында көптөгөн иштердин категориялары боюнча 2024-жылга салыштырмалуу каралган иштердин санынын көбөйгөндүгүн белгилөөгө болот. Тактап айтканда 2025-жылы биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттор тарабынан 280 308 соттук иш жана материалдар каралган, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 246 931 соттук иш жана материалдарды түзгөн, салыштырмалуу 33 377ге көп каралган.

Жергиликтүү соттордогу иштердин санынын өсүшү бул, бир жагынан, жарандардын укуктук аң-сезиминин жогорулагандыгын, экинчи жагынан, сот системасына болгон ишенимдин бекемделип жатканын көрсөтөт.
Албетте, жетишкендиктер менен катар көйгөйлөр да бар. Биз аларды жашырбайбыз, тескерисинче ачык айтып, системалуу түрдө чечүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз
Судьялардын ишинин сапатын жогорулатуу, алардын квалификациясын арттыруу, ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Мындан тышкары, сот тутумунун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу максатында санариптик чечимдерди киргизүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. 2026-жылдын 9-мартынан тартып техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен сот отурумдарын онлайн көрсөтүүнүн практикалык ишке ашырылышы башталды.
Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап, Жогорку сотто, Бишкек шаардык сотунда, Бишкек шаарынын райондук сотторунда жана республиканын бардык облустук сот залдарында онлайн көрсөтүүлөр ишке киргизилди. Бардык көрсөтүүлөрдү Жогорку соттун расмий YouTube-каналынан көрүүгө болот.

Азыркы учурда республиканын бардык биринчи инстанциядагы сотторунда онлайн системасына кошуу, тиешелүү техникалык инфраструктураны кеңейтүү, ошондой эле системанын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.
Белгилеп кетүүчү маанилүү жагдай — сот процесстерин онлайн көрсөтүү практикасы менен жакындан тааныштыруу максатында эртең Жогорку сот тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурулат. Анын алкагында журналисттерге сот отурумдарынын онлайн форматта өткөрүлүшүнүн тартиби тууралуу кеңири маалымат берилет.
Учурдан пайдаланып, сиздерди ушул жана башка сот тутумун санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди кеңири жана активдүү чагылдырууга чакырабыз.
Мындан тышкары, жакынкы келечекте тараптардын сот отурумдарына онлайн катышуусу, жарандардын арыздарды алыстан жөнөтүүсү сыяктуу санариптик мүмкүнчүлүктөр толук кандуу ишке киргизилет.
Ошону менен катар, республикадагы бардык сот имараттарында жарандар менен байланышты жакшыртуу максатында QR-код системасы киргизилди. Аталган система аркылуу сотко кайрылган жарандар сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишмердүүлүгү, көрсөтүлүп жаткан кызматтар жана жалпы тартип тууралуу өз сунуш-пикирлерин калтыра алышат.
Мындай кайтарым байланыш сот органдарындагы көйгөйлүү багыттарды ыкчам аныктоого, сот тутумунун ачыктыгын жогорулатууга, жарандар менен түз байланыш түзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын системалуу түрдө жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Урматтуу журналисттер жана блогерлер!
Сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылууда сиздер менен тыгыз жана ишенимдүү кызматташуу өзгөчө мааниге ээ. Биз, өз кезегинде, мүмкүн болушунча ачык болуп, толук жана так маалымат берүүгө дайым даярбыз. Ошол эле учурда, коомчулукка жеткирилген маалыматтын тактыгына, объективдүүлүгүнө жана укуктук негиздүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууңуздарды өтүнөм.
Сот системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер тууралуу коомчулукка тең салмактуу маалымат берүү абдан маанилүү. Коом бир гана терс көрүнүштөрдү эмес, оң жылыштарды да көрүп, туура баа берүүгө тийиш.
Белгилүү болгондой, сотто утулган тарап көп учурда чечимге нааразы болот. Бул табигый көрүнүш. Бирок дал ушундай учурларда сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, аналитикалык көз карашыңыздар жана терең иликтөөңүздөр өзгөчө маанилүү. Анткени сиздер даярдаган ар бир материал коомчулуктун көз карашын калыптандырууда чоң роль ойнойт.
Биз жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган бардык материалдарды кылдат талдап, коомчулуктун пикирине ар дайым көңүл буруп келебиз. Сын-пикирлерди эске алуу менен ишибизди жакшыртууга болгон күчүбүздү жумшайбыз.
Белгилей кетүүчү жагдай — Жогорку соттун маалымат кызматынын ресурстары чектелүү. Бирок буга карабастан, мүмкүнчүлүккө жараша ыкчам жана так маалымат берип жатабыз. Ошондуктан бул жерде өз ара түшүнүү абдан маанилүү деп ойлом.
Мындай жолугушуулар бир жолку иш-чара катары калбастан, туруктуу диалог аянтчасына айланышы керек деп эсептейм. Биз мындан ары да ушундай форматтагы жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууга даярбыз. Анткени дал ушундай ачык диалог аркылуу биз бири-бирибизди тереңирээк түшүнүп, маселелерди биргелешип чечүүгө жетишебиз.
Баарыңыздарды мындан ары да активдүү жана конструктивдүү кызматташууга чакырам. Бүгүнкү жолугушуу мазмундуу пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот деп ишенем.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”
Жолугушууда сот бийлиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер ортосунда ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу болуп, журналисттер тарабынан көптөгөн сунуштар менен пикирлер айтылды.
Аларга жооп катары М. Сатыев “Сиздердин сунушуңуздар менен ой-пикириңиздер биз үчүн абдан маанилүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүбүздө сөзсүз эске алынат.
Сот системасынын ачыктыгын камсыз кылуу жана коомчулуктун ишенимин арттыруу — биздин негизги максатыбыз. Бул багытта сиздердин салымыңыздар өзгөчө мааниге ээ.
Ушундай жолугушууларды мындан ары да туруктуу негизде өткөрүп, өз ара кызматташтыкты дагы да чыңдоого чакырам. Биз ар дайым ачык жана конструктивдүү диалогго даярбыз.
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик каалайм!”
Медербек Сатыев журналисттер тарабынан айтылган сунуштар жана ой-пикирлер сот тутуму үчүн маанилүү экендигин белгилеп, алар мындан аркы ишмердүүлүктө сөзсүз эске алына тургандыгын кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда Жогорку сот менен жигердүү кызматташып, сот тутумунун ишмердүүлүгүн кеңири жана сапаттуу чагылдырууга кошкон салымы үчүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана блогерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Эмилбек Момунов
















