Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргызстан боюнча 2025-жылдын 1-октябрына карата 4 млн 287 миң 222 шайлоочу бар.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына кимдер шайлана алат?
• Шайлоо күнү 25 жашка толгон;
• Шайлоого укугу бар;
• Жогорку кесиптик билими бар;
• Мамлекеттик тилди билген;
• Депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүгө чейин акыркы 5 жылдан кем эмес республикада туруктуу жашаган адам.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар шайлана албайт:
• Соттуулугу бар, анын ичиде алып салынган же жоюлган;
• Аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
• Коркунучтуулугу аз кылмыштар этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
• Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
• Диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтонкондон кийин 5 жыл ичинде
Мындан тышкары талапкерлердин төгүмү 300 000 сомду түзөт. Ал эми III топтогу майыптыгы бар талапкерлер үчүн 70 000 сом, I жана II топтогу майыптыгы барларга 50 000 сом каралган жана бул суммалар кайтарымсыз.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстан боюнча 30 округдан жалпысынан 257 адам катталды. Анын ичинен мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев үй-бүлөлүк шартка байланыштуу алдыдагы боло турган шайлоодон баш тартканы айтылды.
Муну менен катар коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык берип, парламентке жалаң акчалуулар келет дешсе, айрымдар талапкердин ийгилиги анын агитаторлорунун санына эмес шайлоочулардын тандоосуна жараша чечилерин айтышууда.
Буга чейин президент Садыр Жапаров өзүнүн акыркы интервьюсунда “талапкерлердин тагдыры үгүтчүлөрдүн колунда эмес, элдин колунда” экендигин баса белгилеген.
“Эгер эл колдобогон талапкер болсо миң эмес, эки миң үгүтчү жалдап алсаң да өтпөйсүң”,- деди президент.
Активист, фейсбук колдонуучусу Атай Бейшенбек “акча чечет дей бербей, шайлоо чечет деш керек” деген пикирин билдирип, мурдагы шайлоодо экс-депутат Мирлан Самыйкожо 1 миллионго жетпеген акча коротуп, 7 млн.дон ашык акча короткон атаандаштарын жеңип келгендигин мисал келтирди.
Эскерте кетсек, Vll чакырыштын 32 депутаты өзүн-өзү таркатууга демилге көтөрүп, парламент тараган. Алар муну келерки президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келиши менен түшүндүрүп, өлкөнүн коопсуздугун эске алышканын жүйө келтиришкен.
Кошумчалай кетсек, өлкөнүн парламентине 90 депутат 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бардык депутаттар мажоритардык система боюнча көп мандаттуу округдардан шайланышып, ар бири үчтөн депутатты шайлаган 30 көп мандаттуу шайлоо округдан келет.
Шайлоочулар бир гана талапкерге добуш берүүгө укуктуу. Мыйзамга ылайык, шайлоочу өзү тандаган бир гана талапкер үчүн тиешелүү чарчыга же баарына каршы деген чарчыга белги коёт.

















