Бүгүн эртең менен Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда АКШнын аскердик объектилери бутага алынганын Fars News агенттиги араб булактарына шилтеме берип кабарлашты.
Араб булактары таң эрте Эр-Риядда сирена үнү жана жарылуулар угулганын маалымдашкан.
Маалыматтарга караганда, АКШга тиешелүү объекттерге абадан сокку урулуп, анын натыйжасында ири өрт чыккан.
«Al Jazeera» телеканалы Сауд Арабиясынын жарандык коргонуу кызматына шилтеме берип, Чыгыш провинциясындагы Улуттук эрте эскертүү платформасы тарабынан абадан сокку уруу жөнүндө эскертүү берилгенин билдирди.
Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги акыркы сааттарда кол салган учкучсуз учактар кармалып, жок кылынганын билдирди.
28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы агрессия баштаган. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик буталарына соккуларын жасап жатат.
















