АКШ президенти Дональд Трамп 24-март күнү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Сауд Арабиясынын Иранга каршы чабуулдарды колдоп жатканы тууралуу америкалык маалымат каражаттарында чыккан кабарларды ырастады. Ал: «Ханзаада Мухаммед бин Салман биз менен бирге согушуп жатат», — деп билдирди. Бул билдирүүдөн бери эки күн өтсө да, Сауд Арабиясы аны расмий түрдө четке каккан жок.
Бул тууралуу Ирандын Fars News агенттиги жазды.
25-мартта Бириккен Араб Эмираттарынын АКШдагы элчиси да The Wall Street Journal гезитине берген маегинде АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттерин колдой турганын билдирди.
Мындан тышкары, АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) жарыялаган сүрөттөр Иранга жасалган соккуларда бир нече өлкөлөрдүн аймактары колдонулганын көрсөттү. Социалдык тармактарда шаарларга жакын аймактардан кыска аралыкка учуучу «жер-жер» ракеталары атылганын чагылдырган видеолор да кеңири тарады. Бул маалыматтар АКШ Ирандын түштүк портторуна сокку урууда коңшу өлкөлөрдүн аймагын пайдаланганын далилдейт.
Ошондой эле, АКШ чабуулдар учурунда айрым өлкөлөрдүн аба мейкиндигин колдонгонуна байланыштуу эки маанилүү жагдай белгиленди.
Биринчиден, Кувейттин Коргоо министрлигинин америкалык согуштук учактар тууралуу билдирүүсүнө Ирандын тышкы иштер министри жооп берип, түшүндүрмө талап кылган. Экинчиден, Ирандын аба күчтөрүнүн радар маалыматтары Сауд Арабиясындагы базалардан америкалык күйүүчү май ташуучу учактар үзгүлтүксүз учуп-конуп жатканын көрсөткөн.
Мындан мурда Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу согуштун биринчи күнү 170тен ашуун адам каза болгон Минаб шаарындагы мектепке жасалган сокку Бириккен Араб Эмираттарындагы «Аль-Дафра» авиабазасынан ишке ашырылганын билдирген.
Fars News агенттигинин чалгындоо булагы билдиргендей, Кувейт, Бахрейн, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы АКШга Иранга каршы операцияларда аскердик базалардан тышкары, аймагын, аба жана деңиз мейкиндигин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген. Айрым учурларда бул өлкөлөрдүн кургактык, аба жана деңиз аймактары соккулар үчүн колдонулган.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 25-мартта кечинде аймактагы өлкөлөр сөз жүзүндө өз аймагын Иранга каршы колдонууга каршы экенин билдиришкени менен, иш жүзүндө андай болбогонун айтты.
Ал Ирандын түштүк коңшуларына кайрылып: «Биз коңшуларыбызга алардын аймагы, аба жана деңиз мейкиндиги бизге каршы колдонулушуна жол бербегиле дейбиз. Биз коңшу өлкөлөргө каршы чабуул жасабайбыз, АКШнын базаларына жана кызыкчылыктарына гана сокку урабыз», — деди.



















