Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев азыркы бийликтин криминалга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн колдой тургандыгын жана бул багытта эл өкүлдөрү тиешелүү мыйзамды кабыл алып бериши керектигин айтты.
Ал ошондой эле ишкерлерди тоногон кылмышкерлер мунапыс жана пробацияга туш болбош керектигин кошумчалады.
Белгилей кетүүчү жагдай, 4-октябрда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы болгон Камчыбек Асанбек УКМК тарабынан жүргүзүлгөн операция учурунда каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынган. Бул аралыкта анын кылмыштуу тобунун көптөгөн мүчөлөрү кармалып, кылмыш идеологиясынан баш тартышкандыгын жарыялоодо
Чын дилденби, же калп элеби, бирок айтты😁
Опубликовано Нурилей Исакуловой Четверг, 12 октября 2023 г.




















