Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Анын арызы кабыл алынып, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралып чыкты. Мындай маалыматты БШКдан маалымат каражаттарына тастыкташты.
Тазабек Икрамов 2021-жылы №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.
Эми аталган округ боюнча шайлоо Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалгандан кийин өткөрүлөр күтүлүүдө.
Белгилесек, 17-июлда Икрамов УКМКга суракка чакыртылганы маалым болгон. Бирок расмий органдар да, эл өкүлү өзү да бул боюнча маалымат беришкен эмес.



















