Премьер-министр Сигэру Исиба башында турган жапон өкмөтү келерки премьер-министрлик шайлоонун алдында отставкага кетти, деп билдирет Киодо агенттиги.
Либералдык-демократиялык партияны жетектеген Исиба Жапониянын эң ири оппозициялык конституциялык-демократиялык партиясынын лидери Йосихико Нода менен атаандашууга ниеттенүүдө.
Премьер-министрди шайлоо 27-октябрда өткөн төмөнкү палатага шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламенттин кезексиз жыйынында бүгүн, 11-ноябрда өтөт.
Түштөн кийин жаңы өкмөттүн курамын император Нарухито бекитет.
Буга чейин дүйнөлүк басылмалар Сигэру Исиба Жапониянын жаңы премьер-министри болгонун жазган.




















