К. Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматында аткара турган иштери тууралуу айтты.
19-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев бир добуштан Кыргыз футбол союзунун жаңы президенти болуп шайланды.
Шайлоодон кийин ал Союздун кезексиз конгрессинде сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал футбол – бир эле спорттун кеңири тараган түрү эмес, өлкөнүн эл аралык статусун аныктай турган имиджинин көрсөткүчү экендигин белгиледи.
Ташиевдин сөзү боюнча, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө көңүл бурууда. «КФСнын жана лиганын жетекчилиги менен жолугушууда биз пикир алышып, азыркы учурдагы көйгөйлөрдү аныктадык. Бүгүнкү күндө атамекендик футбол маанилүү этапта турат. Биз түп тамырынан жана натыйжалуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү үчүн салым кошууга чечим кабыл алдык. Мурда мамлекет тарабынан бул маселеге көңүл бурулган эмес, эми кыргыз футболуна жетиштүү каражат бөлүнүп, ага баардык зарыл колдоо көрсөтүлөт», – деди ал.
Ташиев каражаттын бөлүнүшү менен эле баардык көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилип калбастыгын, ага комплекстүү мамиле керектигин белгиледи. «Биз баары эле бир заматта чечиле койбостугун, буга убакыт керектигин түшүнүшүбүз керек. Эң оболу биз калыстардын, машыктыруучулардын жана башка адистердин квалификациясын жогорулатышыбыз керек. Ар бир райондо жана облустта материалдык-техникалык базанын сапатын жогорулатууга аракет күчөтүлөт, ошондой эле стадиондор жана машыгуучу аянттарды куруу, оңдоо боюнча иштер жүргүзүлөт», – деп билдирди ал.
Мындан тышкары Кыргыз футбол союзунун президенти жаңы стадиондун курулушу 10-15 күндүн аралыгында башталып, эки жылда бүтө тургандыгын билдирди.
Анын айтуусунда, стадион 40 миң көрүүчүгө ылайыкталып курулат.
«Жакында жаңы стадиондун курулушун баштап, аны эки жылда бүтүрүүнү пландаштыруудабыз. Мен бул маселени өз көзөмөлүмө алдым», – деди ал.
Ошондой эле Камчыбек Ташиев «Спартак» стадиону капиталдык оңдоодон өткөрүлөрүн айтты.


















