Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жубайы менен Түркияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Борбор калаанын Эсенбога аэропортунда мамлекет башчысын Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Бүгүн эки өлкөнүн лидерлеринин төрагалыгы алдында Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин үчүнчү жыйыны өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн өзбек-түрк мамилелерин тереңдетүү, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-коммуникация, билим берүү жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүү маселелери кеңири талкууланат.
Программага ылайык, эки өлкөнүн алдыңкы ишканаларынын жана компанияларынын жетекчилери менен биринчи биргелешкен жыйынды өткөрүү да пландалууда.

Сүрөт: Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы


















