Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Өзбек өкмөтүнүн башчысын “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, эртең 23-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.
Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.



















