Өзбекстандык чабуулчу Хусайн Норчаев Фергана облусунун “Нефтчи” клубунан португалиялык “Брага” клубуна өтүшү мүмкүн.
Бул тууралуу жазган “Спортс” телеграм каналы учурда чабуулчу документ иштерин бүтүрүү үчүн Европага учканы жатканын жарыялады.
22 жаштагы футболчу Хусайн Норчаев буга чейин Өзбекстандын “Насаф” клубунда ойногон. Бул командада 100 беттеш өткөргөндөн кийин, орусиялык “Алания” клубуна өтүп, 3,5 жылдык келишимге кол койгон. Норчаев 2020-жылы Өзбекстандын Суперлигасында дебют жасаган.
“Брага” – Европа лигасында топ сүргөн клуб. Өз өлкөсүндөгү чемпионатта ийгиликтүү ойногон команда катары белгилүү. Азыр алар 19 оюндун жыйынтыгы менен 37 упай топтоп, 4-орунда турат.
Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын улуттук курама командасынын коргоочусу Абдукодир Хусанов “Манчестер Сити” клубуна өтүп, ийгиликсиз дебют жасаган. Ал Англиянын премьер-лигасында ойногон алгачкы борбор азиялык болуп калды. Анын трансфердик баасы 40 миллион евро жана бонустарды түзөрү кабарланган.
Хусанов Ташкенттин “Бунёдкор” клубунда машыккан. Атасы мурда Өзбекстандын улуттук коммандасында ойногон.



















