Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) дүйнөдөгү күчтүү шахматчылардын рейтингин жаңылады. Ага Өзбекстан жана Казахстандын шахматчылары кошулду.
Өзбекстандык 19 жаштагы гроссмейстер Нодирбек Абдусатторов рейтингде жети позиция жогору көтөрүлүп, төртүнчү катарды ээледи.
Жаңыланган тизме боюнча 2024-жылы апрелде Абдусатторовдун активинде 2765 тейтингдик баллы болуп, ал 11-позициядан түз эле төртүнчү орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Нодирбек Абдусатторов — дүйнөнүн 10 топ шахматчыларынын катарына кошулган биринчи өзбек гроссмейстери.
Азыркы учурда Абдусатторов ФИДЕ рейтингинде болгону норвегиялык Магнус Карлсенден, америкалык Фабиано Каруан жана Хикару Накамурелерден гана кийин турат.
Нодирбек Абдусатторов жаш шахматчылардын дүйнөлүк рейтингинде алдыңкы орунду ээлейт.
Кыздар арасындагы дүйнөлүк рейтингдин биринчи позициясын 19 жашар казахстандык Бибисара Асаубаева ээлеген. Ал – блиц боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2021, 2022). 2021-жылы шахматтын бул түрү боюнча шахмат тарыхында эң жаш чемпион болгон.
ФИДЕнин өлкөлөр боюнча рейтингин АКШ курама командасы жетектейт, алдыңкы бештикте төмөнкү мамлекеттер жайгашкан: Индия, Кытай, Россия жана Азербайжан.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан – 17, Казакстан – 43, Түркмөнстан – 68, Кыргызстан – 70-орунда турат.
Тажикстан курама командасы 93-орунду ээлеген.
Анткени Фаррух Амонатова карьерасын жыйынтыктагандан кийин тажик курама командасынын бир да гроссмейстери калбай, тажик шахматчыларынын жалпы деңгээли түшүп кеткен.
Төмөнкү көрсөткүчкө ошондой эле тажик спортчуларынын эл аралык мелдештерге сейрек катышуусу да таасир берүүдө.



















