Ташкент облусунун Чиноз районундагы “Тонг юлдузи” айылында “Достук, ынтымак даңазаланган өлкө” урааны астындагы маданий-руханий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган областтын акимчилигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алишер Мавлянов билдирди.
Анын айтымнда, бул иш-чаранын Хожент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикистандын өлкө башчыларынын жолугушуусу маалында өтүшү анын символикалык маанисин баса белгилейт. «Мындай иш-чаралар өзбектер, кыргыздар тажиктер ортосундагы, көп улуттуу калкыбыздын биримдигин чыңдоодо, улуттук баалуулуктарыбызды ардактап, кеңири жайылтууда, өсүп келе жаткан муундун патриоттук сезимин ойготууда чоң мааниге ээ», – деди А. Мавлянов
Иш-чаранын алкагында улуттук оюндар жана спорттук мелдештер уюштурулуп, катышуучулар өз өнөрлөрүн сынап көрүштү. Футбол, волейбол, аркан тартыш, таш көтөрүү боюнча спартакиада окуучулар арасында чоң кызыгууну жаратты.

Чиноз районун тургундары Бурулай Орунова жана Абдуразак Мамадалиев иш-чаранын жогорку маанайда өтүп жатканын, бул жерде жашап жаткандар дос, боордош, куда-сөөк болуп кеткендиктерин баса белгилешти.
Атактуу ырчылар жүрөктөрдү жандуу обондор менен толтуруп, чебер бийчилер ар бир көрөрманга жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш-чаранын катышууучулары, махалладагы аксакалдардын элерибиздин ынтымагы үчүн дуба кылышты. Бул эзелки салт тарыхый байланыштарды мындан ары чыңдоого, өз ара урматтоону жана кызматташтыкты арттырууга кызмат кылаары айтылды.



















