Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов мамлекеттик органдарга бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул туурасында өткөн аптада алдыдагы майрамдар боюнча өткөрүлгөн жыйында белгилүү болгон.
Бул тууралуу Gazeta.uz сайты жазып, аны өзбек өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов тастыктады.
Тактап айтканда, премьер-министр бардык мамлекеттик уюмдарга, ишканаларга, мамлекеттик үлүшү бар банктарга, ошондой эле администрацияларга бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен корпоративдерди уюштурууга, майрамдык дасторкон жайууга жана салют атууга тыюу салды.
Ошол эле учурда жетекчиликке жана кызматкерлерге өз каражаттарынын эсебинен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынбайт.
Эске салсак, Өзбекстандын өкмөт башчы былтыр да бюджеттин эсебинен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.


















