Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги Ооганстанга айыл чарба үрөндөрү түрүндөгү гуманитардык жардам жөнөттү.
Анын ичинде пахтанын, күрүчтүн, маш төө буурчактын, жашылча-жемиштердин жана коондун үрөнү бар. Алардын жалпы көлөмү 300 гектардан ашык айдоо аянтына эсептелген.
Бул маалыматты gazeta.uz басылмасы жазды.
Ооганстанга 200 гектар жерге себүү үчүн жергиликтүү климаттык шарттарга 5 тонна пахта үрөнү, 100 гектарга 20 тонна күрүч, 25 гектар аянтка 500 кг маш, ошондой эле 600 кг коондун жана 187 кг жашылча үрөнү жөнөтүлдү.
«Бул колдоо Ооганстандын азык-түлүк коопсуздугуна салым кошору, айылдардагы жумуштуулукту жогорулатуу жана айыл чарба тармагына инновацияларды киргизет деп күтүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, март айында Өзбекстан Нооруз жана Рамазан айынын урматына Ооганстанга гуманитардык жардам катары дээрлик 200 тонна азык-түлүк жөнөткөн.
Ал эми апрель айында Ооганстандын айыл чарба, ирригация жана мал чарба министри Отаулла Умар баштаган делегация Ташкент облусунун Зангиата жана Янгийул райондорунун айыл чарба ишканаларында жана Самарканд облусундагы агрокластерлерде болду.



















