Өзбекстан менен Тажикстан биргелешип автоунаа чыгарууну талкуулашты.
Бул тууралуу Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен Тажикстандын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысы Завки Завкизоданын жолугушуусунда сөз болгонуну Sputnik Өзбекстан жазды.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Тажикстан Республикасында автоунааларды биргелешип чыгаруу жана «ТАЛКО» ААКсынын базасында Өзбекстандын муктаждыктары үчүн дөңгөлөк өндүрүшүн түзүү ошондой эле Зеравшан дарыясында эки ГЭСти биргелешип куруу боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, Душанбе шаарында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын тең төрагалыгы астында өтүшү пландалган соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдыктарды көрүү талкууланды.
Өкмөт башчылардын катышуусунда биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын мурунку жыйыны былтыр май айында Ташкентте өткөн.
Белгиленгендей, 2023-жылы өлкөлөр ортосундагы өз ара тышкы сооданын көлөмү 504,4 миллион долларды түзгөн. Эки тараптын пикири боюнча, колдо болгон потенциалды толук пайдалануу үчүн дагы көп мүмкүнчүлүктөр бар.
Эске салсак, былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташууга келишим түзүлгөн.
Документке Кыргызстандын министрлер кабинети жана Өзбекстандын өкмөтү тарабынан кол коюлган.
КРнын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясаовдун айтымында, бул келишимде Бишкекке жакын жерде Ravon үлгүсүндөгү унаасын чогултууну ишке ашырууну каралган. Биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасы Чүй облусунун Москва районунун аймагында ачылат.
Баясов ишкананын ишмердүүлүгү “УзАвтоСаноат” жана ата мекендик “ДТ Техник” жана “НУР” компаниялары тарабынан ишке ашырыларын белгилеген.



















