Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Казакстанга мамлекеттик сапарынын алдында казак жана өзбек эксперттери Астанага чогулушту, деп билдирет «Казинформ» агенттигинин кабарчысы.
Эксперттердин жолугушуусу Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 6-консультативдик жолугушуусунун алдында уюштурулду.
— Казакстан менен Өзбекстандын президенттери 2022-жылдын декабрында альянстык мамилелер боюнча келишимге кол коюшкан. Эксперттик жолугушууда биз өлкөлөрүбүздүн жетекчилигине союздук мамилелерибиздин келечегин аныктоого жардам беришибиз керек. Казакстан менен Өзбекстандын мамилеси 5, 10, 50 жылдан кийин кандай болот? Мындан эки өлкөнүн жарандары кандай пайда табат? Cоюздук мамиле деген эмне? Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер Борбор Азия аймагындагы интеграцияга кандай таасир этет? — дейт Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун (СИИ) директору Эркин Тукумов.
Институттун жетекчиси чек араны көзөмөлдөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
— Эмне үчүн эки өлкөнүн жарандары чек арадан өткөндө жөнөкөйлөштүрүлгөн документ жүгүртүүгө өтүүгө болбойт. Биз Ташкент – Шымкент, Ташкент – Тараз, Ташкент – Алматы, келечекте Ташкент – Астана багыттары боюнча тез жүрүүчү поезддерди ишке киргизсек болмок. Чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү өз натыйжасын берет жана башка аспектилерди дагы активдештирет», – деди эксперт.
Мындан тышкары, СИИнин директору Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту менен эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү маселелерин өзүнчө кароону жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.
Эске сала кетсек, 7-8-августта Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Казакстанга мамлекеттик сапары болот.
9-августта Астанада Борбор Азия мамлекет башчыларынын 6-консультативдик жолугушуусу өтөт.























