Eurasiatoday
Жекшемби, 10-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Өзбекстан-Иран алакасындагы бурулуш учур. Мирзиёев Тегеранга 20 жылдан бери биринчи жолу барды

  • Өзбекстан, ТОП жаңылыктар
  • 19.06.2023 14:41

Loading

https://www.leader.ir/fa/pictures/album/2575/grid?img=76349_522.jpg

Өзбекстандын президенти  Шавкат Мирзиёевдин Иранга 20 жылдан бери биринчи жолу расмий сапар менен барышы Ташкент менен Тегерандын ортосундагы эки тараптуу жана аймактык мамилелердин өнүгүшүндөгү бурулуш учур болот.

Өзбек лидери Ислам республикасына ирандык кесиптеши Сейед Ибрахим Раисинин чакыруусу менен 18-июнда барды.

Тема боюнча:

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

08.12.2023
Шавкат Мирзиёев менен Ибрахим Раисинин расмий жолугушуу аземи

Эске салсак, экит өлкөнүн президенттери акыркы жолу 2022-жылы сентябрда Өзбекстанда жолугушкан.

Раиси Самаркандда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышкан. Анын сапары эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө, ошондой эле Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандыгы менен маанилүү болгон.

Мирзиеев Раиси менен  тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ошондой эле өлкөнүн Жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи менен жолугушту. Ошондой эле ал Иран президентинин коштоосунда Тегеран шаарында ачылган инновациялар жана технологиялардын адистештирилген көргөзмөсүнө барды.

Иран-Өзбекстан сүйлөшүүлөрү жемиштүү жана конструктивдүү маанайда жогорку деңгээлде өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу багыттары боюнча өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулардын пакетине кол коюлду.

Иран-Өзбекстан сүйлөшүүлөрү жемиштүү өттү

Ирандын президенти Ибрахим Раиси өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиеевди “Саадабад” комплексинде расмий кабыл алды.

Өзбек президентинин маалымат кызматынан билдиришкендей, тар курамдагы жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө чоң маани берерин белгилешти. Президенттер өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты координациялоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Борбордук Азияны Иран менен байланыштырган эң кыска транспорттук-логистикалык коридорлорду колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Энергетика, химиялык өнөр жай, фармацевтика жана медициналык технологиялар, тамак-аш өнөр жайы, текстиль, өнөр жай курулуш материалдары, машина куруу, прибор куруу жана электротехника тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, айыл чарба тармагында күнөсканаларды куруу, айыл чарба шаймандарын өндүрүү, сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү, багбанчылык жана балык өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, кургакчылыкка чыдамдуу айыл чарба өсүмдүктөрүн тандоо боюнча кызматташуу багыттары белгиленди.

“Эл аралык терроризм, баңги аткезчилиги, кибертерроризм, адам сатуу сыяктуу глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди”, – деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары Ооганстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо жана коңшу өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан калыбына келтирилишине көмөк көрсөтүү боюнча диалогду улантууну макулдашты.

Мирзиёев менен Раисинин сүйлөшүүлөрү эки өлкөнүн расмий делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген курамда уланып, анда инновация, жасалма интеллект, нанотехнология, кибернетика, технологиялар трансфери сыяктуу тармактарда тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Аймактар ​​аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, атап айтканда, Бухара облусу менен Хамадан провинциясынын, ошондой эле Самарканд жана Исфахан шаарларынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө колдоолор айтылды.

Тараптар эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда үзгүлтүксүз авиакаттамдардын көбөйүшү ишкердик байланыштардын жана өз ара туристтик агымдын өсүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдиришти.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү максатында Өзбекстан Илимдер академиясынын фонддорунда сакталган байыркы кол жазмаларды тереңдетип изилдөө боюнча биргелешкен илимий топ түзүү чечими кабыл алынды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар биргелешкен “жол карталарын” даярдоону жана жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашыруу механизмдерин түзүүнү тапшырышты.

Өзбекстан менен Ирандын ортосунда 10 документке кол коюлду

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.

Мирзиёев менен Раиси эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары соода, логистика, медицина, технология, айыл чарба жана камсыздандыруу боюнча кызматташуу боюнча 10 документке кол коюлду.

Кол коюлган келишимдер соода, транспорт, транзит, фармацевтика, инновациялык технологиялар жана айыл чарба сыяктуу кызматташтыктын тармактарына тиешелүү.  Документтерде ошондой эле биргелешкен эркин соода аймактарын түзүү мүмкүндүгү боюнча пункттар бар.

Тактап айтканда, эки өлкөнүн лидерлери темир жол транспорту боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна, туткундарды алмашуу боюнча келишимге жана Иран менен Өзбекстандын фармацевтикалык кызматташуусу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту, деп билдирди IRNA агенттиги.

Ирандын Жогорку лидер: Иран Өзбекстанды ачык деңиз менен байланыштырат

Шавкат Мирзиёев расмий сапарынын алкагында Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Сейед Али Хаменеи менен жолугушту.

Шавкат Мирзиёев менен ​Ирандын Жогорку руханий лидери Аятолла Сейед Али Хаменеинин жолугушуусу

Өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, достук жана ачык сүйлөшүү учурунда тараптар эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту, өзбек-иран ар тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү боюнча пландаштырылган чараларды талкуулашты.

Эки элдин көп кылымдар бою жетишилген маданий жана тарыхый жалпылыгы өзгөчө баса белгиленди.

Тараптар байланыштардын өсүп бараткан динамикасын канааттануу менен белгилешип, келечектүү биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

“Соода, инновациялар жана жогорку технологиялар, инвестиция, өнөр жай кооперациясы, транспорт жана коммуникациялар, туризм жана маданий-гуманитардык алмашуу сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү боюнча практикалык кадамдар белгиленди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

IRNA агенттиги маалымдагандай, Ислам революциясынын жогорку лидери Иран деңизге чыга албаган Өзбекстанды соода жана транспортту өнүктүрүү үчүн Түркмөнстан жана Ооганстан аркылуу эл аралык деңизге туташтыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

“Тилекке каршы, иран-өзбек мамилелери бир нече жылдар бою чектелүү болуп келген жана биз бул сапар жана Тегерандагы сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн мамилесинде жакшы келечекти баштайт деп үмүттөнөбүз”, – деди Хаменеи.

Мирзиёев өз кезегинде Аятолла Хаменеи менен болгон жолугушуусун “тарыхый” деп атап, Өзбекстандын делегациясын Иран жеринде жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

“Тегерандагы сүйлөшүүлөрдүн аркасында соода, транспорт, илим жана технология жана туризм тармагында маанилүү кадамдарды жасап, кызматташтыкты татыктуу деңгээлге көтөрө алабыз деп үмүттөнөбүз”, – деп кошумчалады ал.

Мирзиёев ошондой эле Иран элинин АКШнын санкцияларына каршы туруктуулугун жогору баалады.

“Иран элинин, өзгөчө илим жана технология тармагындагы жетишкендиктери… өлкө башчынын даанышман жетекчилиги астында жана биримдиктин шартында бардык кыйынчылыктарга карабастан улуу максаттарга жете аларын көрсөтүүдө”, – деди өзбек лидери.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ибрахим РаисииранӨзбекстансапарШавкат Мирзиёев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ташкент облусунда кылмыштуу топтордун 34 мүчөсү кармалды

Ташкент облусунда кылмыштуу топтордун 34 мүчөсү кармалды

08.12.2023
Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

08.12.2023
Мирзиёев “кылмышы үчүн чын дилден өкүнгөн” 344 абактагыларга мунапыс берди

Мирзиёев “кылмышы үчүн чын дилден өкүнгөн” 344 абактагыларга мунапыс берди

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Путиндин Абу-Даби жана Эр-Риядга сапары кандай өттү?

Путиндин Абу-Даби жана Эр-Риядга сапары кандай өттү?

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Борбор Азиядагы эң ири шамал электр станциясы качан иштей баштайт?

Борбор Азиядагы эң ири шамал электр станциясы качан иштей баштайт?

06.12.2023
Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

Өзбекстанда Кыргызстандан жеткирилген 1000 тонна картошка толук сатылып кетти

06.12.2023
Казакстан Европага жүктү Түркмөнстан жана Иран аркылуу ташыйт

Казакстан Европага жүктү Түркмөнстан жана Иран аркылуу ташыйт

06.12.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.