2026-жылдын 1-январынан тартып АКШ жарандары Өзбекстанга 30 күндүк мөөнөткө визасыз кире алышат.
Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 3-ноябрда кол койгон жарлыкта айтылат. Документ республикасынын мыйзамдар боюнча Улуттук маалымат базасы — Lex.uz сайтында жарыяланган.
Жарлыкта бул чечим эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле туристтик алмашууну жандандыруу максатын көздөрү белгиленген.
2021-жылдан бери АКШнын 55 жаштан жогору туристтик максатта сапар алган жарандарына Өзбекстанга визасыз 30 күнгө чейин болууга уруксат берилген.
Май айында Мирзиёев туристтик агымдарды олуттуу көбөйтүү зарылдыгы тууралуу дагы бир жарлыкка кол коюп, бул багытта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине АКШ тарап менен өзбек жарандарына виза тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырган.


















