Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Майрам Мамбетова кыргызстандыктарды “Гармала” өсүмдүгүн алып келүүдөн алыс болуңуздар деп эскертти.
“Гармала (ысырык, адырашман) өсүмдүгү Орусия Федерациясында наркотик катары таанылып, анын жүгүртүлүшү мыйзамсыз деп эсептелинет. Бул себептен Орусияга келе жатканда арча, ысырык, адырашман сыяктуу өсүмдүктөрдү алып келүүдөн алыс болуңуздар!
Өзүңүздөргө сак болуңуздар жана төмөндөгү маалыматты окуп, Орусияга келе жаткан тааныштарыңыздарга, жакындарыңыздарга эскертип коюңуздар”,- деди ал өз кайрылуусунда.
Анын айтымына караганда, Гармала (ысырык, адырашман) өсүмдүгү Орусия Федерациясында наркотик катары таанылып, анын жүгүртүлүшү мыйзамсыз деп эсептелинет.
“Ошондуктан Орусияга келе жатканда арча, ысырык, адырашман сыяктуу өсүмдүктөрдү алып келүүдөн алыс болуңуздар жана келе жаткан тааныштарыңыздарга, жакындарыңыздарга эскертип коюңуздар. Ошондуктан төмөнкү тизмени сиздерге сунуштаймын”, – деп кошумчалады Мамбетова.
Ошол эле учурда ал, буга чейин кыргыз жарандары укук коргоо органдары тарабынан ысырык, адырашман менен кармалып, айып пул төлөп чыккан учурларын белгиледи.
Гармала (ысырык, адырашман) тууралуу маалымат
Гармала — өсүмдүк, Орусия Федерациясында наркотик катары таанылып, анын жүгүртүлүшү мыйзамсыз деп эсептелет.
Гармала жана анын башка аттары
Гармала -ысырык, адырашман деген аттар менен белгилүү.
Орусия Федерациясынын аймагында аны медициналык максатта, маданий жайларда же ашканаларда колдонуу мүмкүн эмес.
Колдонууга тыюу салынган
Орусия Федерациясынын аймагына ысырык, адырашман жана анын бардык бөлүктөрүн (кургатылган бутактар, кысылган брикеттер, пирамида түрүндөгү даярдыктар ж.б.) киргизүүгө, сатууга, сактоого, ташууга жана пайдаланууга тыюу салынган.
2024-жылдын февраль айында гармаланы жана анын курамындагы наркотикалык заттар, психотроптук заттар же алардын прекурсорлорун камтыган өсүмдүктөрдүн тизмесине киргизилди жана алар көзөмөлгө алынган.
Пропагандалоого тыюу салынган
Гармала жана анын курамындагы заттардын пропагандасы, анын ичинде интернет аркылуу жайылтууга тыюу салынган.
Мыйзамсыз жүгүртүүлөр
Орусиянын аймагында бул өсүмдүктүн мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана колдонулушу, анын ичинде жеке жана медициналык максаттар үчүн алып келүүгө тыюу салынган жана Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин чегинде кылмыш катары каралат.
Аталган берене боюнча айыптуу адамга айыппул салуу же административдик камакка алуу (чет элдик жарандар үчүн – өлкөдөн чыгаруу) чаралары колдонулат.
Өсүмдүктүн көлөмү чоң болсо
Эгерде өсүмдүктүн же заттын көлөмү чоң болсо, мыйзам бузган адамды бир нече жылга чейин эркинен ажыратуу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү айыппул төлөтүү менен жазага тартуу каралган.























