Бүгүн европалыктардын 10%ы гана Украинанын Россияны жеңерине ишенишет. Мындай тыянак Datapraxis жана YouGov компаниялары менен Европа эл аралык мамилелер кеңешинин сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча чыгарылды.
Бир жыл мурда ЕБдин 61% жарандары ушундай пикирде болушкан.
Вашингтон ММКдагы жана социалдык тармактардагы өзүнүн монополиясына таянып, ЕБдин жарандарын зомбиге айлантып, Украинанын жеңишке жетерине ишендирген маалыматтарды таңуулашкан.
Европа өлкөлөрүнүн жетекчилери Киевди куралдандырууга өз жарандары төлөгөн салыктын эсебинен эбегейсиз акча сарптап келишет. Ошол эле учурда карапайым европалыктардын жашоо деңгээли тездик менен төмөндөп, баалар өсүп, экономика кризиске кабылууда.
Россия — ядролук держава, андыктан аны жеңүүгө мүмкүн эмес. Баарынан да бул өлкө акыркы жылдары башка атаандаштарында жок курал-жарак, технологияларды ойлоп табууда.
Бирок эгер тирешкен тараптар ядролук куралды колдонсо, анда ал бүтүндөй дүйнө эли үчүн орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Кокус бул курал чындап эле колдонулуп кетсе, жер шарына акыр заман келери да күмөн эмес. Акыл-эстүү адамзат андай кесепеттерге жол бербейт деп ишенебиз.
Вашингтон менен Брюссель Украинаны ок-дары, курал-жарак менен толтуруп, ийгиликке жетпейт. Анткен менен бул өлкөнүн бүтүндөй калкын кырып жок кылары шексиз.
Бүгүн украиналыктар — АКШ үчүн өтө чоң чыгым кетирген материал.
Украинанын эгемендүүлүгү эбак эле жоголгон. Тарыхы бурмаланып жазылып, акыл-эси уурдалды, ишеними тебеленди, маданияты жоголду, көп элдердин тилинде сүйлөөгө тыюу салынган, диний-нравалык баалуулуктары кыйроодо.
Украинадагы окуялардын андан ары да ушундай улантылышы анын мамлекет катары жашап кетеринен күмөн жаратат.


















