Будапештте Венгрия жетекчилиги түрк тилдүү мамлекеттердин президенттери менен жолугушууларды өткөрдү.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто 18-августта Будапештте маалымат жыйынын өткөрүп, жолугушууга Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын президенттери келерин кабарлаган.
Сийярто Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнүн келечегине токтолуп, Будапештте Түркмөнстандын, Ашхабадда Венгриянын элчилигин ачуу пландалып жатканын билдирген.
Өзбекстанга келсек, Ташкент менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдары 20-августтан тарта ачыла турганы белгиленген. Бул эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде ишке ашат.
“Ташкенттен биринчи учак Будапештке 20-августта конот. Сентябрдын ортосунан тарта Ташкент менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдары жумасына эки жолу ишке ашат. Ал эми жаңы жылдын башталышы менен жумасына үч каттам болот”, – деген Сийярто.
Венгрия Тажикстан менен да кызматташып, эки өлкөнүн ортосунда саясий кеңешмелер өткөрүлүп турат. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 2021-жылы 1 миллион доллардан азыраак болгон.
Бул арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчы Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышты.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат.