МОСКВА
Россиянын президенти Владимир Путин Израил жана Россия жарандыгына ээ болгон Александр Труфанов, анын апасы жана болочок жубайы менен Кремлде жолугушту. 29 жаштагы Amazon инженери Труфанов палестиналык ХАМАС кыймылынын туткунунда Газада 498 күн өткөргөн.
Путин билдиргендей, Труфановдун бошотулушу Москва жүргүзүп келе жаткан туруктуу Жакынкы Чыгыш саясаты жана ХАМАСтын ыктыярдуу чечими менен мүмкүн болду.
«Сиз өткөн абалды башынан кечирип жаткан бардык адамдар да эркиндикке чыгат деп үмүттөнөм», – деди президент Путин.
Жолугушууга Труфанов жана анын үй-бүлөсүнөн тышкары, Россия еврей жамааттары федерациясынын жетекчилери — Россиянын башкы раввини Берл Лазар жана ФЕОРдун президенти Александр Борода катышты.
Путин бул окуянын ишке ашуусу Россиянын Жакынкы Чыгыштагы туруктуу дипломатиялык саясатына байланыштуу экенин жана бул саясат көптөгөн региондогу өнөктөштөр тарабынан ишенимге ээ болуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле ХАМАСтын чечими да чоң роль ойногонун айтты.
Президент Лазар менен Бородага Труфановго жана анын үй-бүлөсүнө жылуу тилектерди жеткирүүнү өтүндү.
«Сиздер үчүн бул убакыт оор болгонун билем. Бирок Александр да, үй-бүлөсү да бул сыноону ийгиликтүү өттү. Кудайга шүгүр, ал азыр өз үйүндө, жакындарынын жанында», – деп кошумчалады Путин.
Өз кезегинде Башкы раввин Берл Лазар президентке Труфановдун үй-бүлөсүнүн терең ыраазычылыгын билдирди.
«Биздин ыраазычылыгыбызды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Труфановдун апасы да, өзү да сизге чоң ыраазычылык билдирүүнү өтүнүштү. Биз дайыма сиз бул ишке жеке көңүл бөлүп, кам көрүп жатканыңызды билгенбиз. Израил президенти да сизге атайын кат жиберип, аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирди. “Бир адамдын өмүрүн сактап калган адам – бүтүндөй дүйнөнү сактап калды” деген сөз бекеринен айтылган эмес», – деди Лазар.

















